Костанай облусундагы 600дөй чарбачылык асыл тукумдуу мал өстүрүү менен алек

Казакстанда мал чарбачылыгынын келечеги зор жана маанилүү тармак болуп саналат. Өнүмгө болгон суроо-талап ички жана тышкы рыноктордо туруктуу бойдон калууда. Бүгүнкү күндө мал этин өндүрүүчүлөр ички рынокту 100 пайызга аткарды. Бир гана Костанай облусундагы 600дөй чарбачылык асыл тукумдуу мал өстүрүү менен алек. Жергиликтүү "Аулиекөл" асыл-тукум бодо малдын өнүмдүүлүгү чет өлкөлүк уйдан кем эмес жана КМШнын аймагындагы фермерлерде жогорку суроо-талапка ээ. Семиз малдардын салмагы бир жарым тоннага жетет.

СТЕПАН МОРОЗОВ – ЗООТЕХНИК

- Букалардын салмак кошуусу таң каларлык. Сулу, чөп, сууну күнүнө 3 маал беребиз. Эртең менен, түштө, кечинде. Милдеттүү түрдө. Үч жашка чейин күнүнө бир килаграммдан кошулат.

Жергиликтүү чарбачылыктарга асыл тукумдуу мал сатып алуу ниети менен орусиялык фермерлер көп келет. Мал өндүрүүчүлөр букалардын бир бөлүгүн-чет өлкөлөргө түз экспорттошот.

БАЙТЕМИР ЫСМАЙЫЛОВ – АУЛИЕКӨЛ АЙМАГЫ АЙЫЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Коюлган тапшырмалар аткарылды. Бул жылы 1750 баш буканы экспорттоо үчүн бороздогу аянтчага жеткириш керек.

Облустагы асыл тукумдуу ири кара малдын саны 76 миңге жакын. Көрсөткүч жылдан жылга көбөйүп келет. Буга «Сыбага» программасынын да салымы чоң. Быйыл 3 жарым миңдей мал сырттан келди. Аларга мамлекеттен субсидиялар дайындалган.

АСЛАН МОЛДАШОВ, ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ ЖАНА ЖЕР КАТНАШТАРЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШКЫ АДИСИ:

- Өткөн жылы биз 2 миң баш асыл тукумдуу мал алып келдик. Быйыл бул көрсөткүчтү 500гө жеткирүү көздөлүп жатат. Ал эми жыл соңуна чейин 3750гө жеткиребиз деп ойлойбуз.

Тукумду  көбөйтүү иштери аймактагы асыл тукумдуу ири кара малдын санын арттырууга таасирин тийгизип жатат. Мамлекеттик колдоо программасына жеке менчиктеги жана фермалардагы 60 миңдей төлдөй турган мал катталган.

Фото: kerek-info.kz