Транспорт кураштыруу комплексин өнүктүрүү

Унаа жасоо – Казакстан экономикасынын эң интенсивдүү өнүгүп келе жаткан тармактардын бири. Мамлекеттик индустриялык программаны жүзөгө ашыруу аракети бул сектордун өндүрүш көлөмү үч эсеге арткан. 2018-жылы бул көрсөткүч бир триллион теңгенини тегерегинде болгон. Ал эми 2019-жылдын алгачкы жарымында аталган багыт 13 жарым пайызга өсүп, 553 миллиард теңгени түздү. Бул убакыт аралыгында өлкөбүздө жалпы наркы 367 миллиард теңге болгон 128 долбоор ишке ашырылган. Жыл соңуна чейин 10 өндүрүштү ишке иргизүү пландаштырылууда. 

АМАНИЯЗ ЕРЖАНОВ, КР ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- 2018-жылдын кортундусу боюнча өлкөбүздө чыгарылган трансформаторлор өндүрүшү 21 пайызга, була-оптикалык кабелдер 80 пайызга, электр аккумуляторлору 20 пайызга, жарык берүү 9 эсеге өскөн. Өсүшкө КМШ өлкөлөрүнүн рыногу, анын ичинде негизинен Орусия Федерациясына жибериле турган экспорт көлөмү оң таасирин тийгизди. Айыл чарбачылыгы техникасынын тармагында да өсүү байкалды. Буга салык жеңилдиктери каралган мамлекеттик колдоо механизмдери башкы негиз болду.

Жол кратасы боюнча 2019-2024-жылдарга арналган унаа жасоо тармагын өнүктүрүү программасы өндүрүштүн өсүшүнө түрткү берүүгө багытталган. Документ алкагында ата мекендик жумуш орундарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берген өндүрүштүк саясат жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгуу көздөлүп жатат. Ошондой эле өлкөбүздө өнөр жайды өнүктүрүү кору түзүлөт.

МЕЙРАМ ПІШЕМБАЕВ, КАЗАКСТАН УНАА ЖАСООЧУЛАР БИРИМДИГИНИН БАШКАРМА ТӨРАГАСЫ:

Унаа жасоо тармагына салынган инвестициянын жемишин бирден көрө албайбыз. Биринчиден, курулуш иштери, андан кийин пайдаланууга берүү. Андан соң өндүрүштү бир жолго коюп алуу керек. Мунун баарын ишке ашырууга узак убакыт кетет. Ошондуктан фонд өнөр жай комплексинин иштеп чыгаруучу секторунун долбоорлорун каржылайт. Анын ичинде унаа жасоо тармагы да бар. Жалдык жалпы наркы 14 пайызды түзөт. Буга кошо илимий изилдөө иштеринин 1 пайызы каржыланат. Негизинен экспорттук багыттагы инновацияларды киргизүү, жаңы технологияларды өздөштүрүү боюнча колдоо болот.

Айта кетсек, жол картасы өндүрүш көлөмүн эки эсеге арыттырууну көздөйт. Ал эми унаа жасоо комплекси өнүмдөрүнүн экспорту 30 пайызга өсөт деп күтүлүүдө.

Фото: 7kun.kz