Түркестанда шубаттын кургак түрү чыгарыла баштады

Түркестанда шубаттын кургак түрү чыгарыла баштады. Бул жалпы баасы 7,5 миллиард теңге болгон Казакстан менен Кытайдын бигелешкен инвестициялык долбоору. Заводдо күнүнө 100 тонна чийки зат алынат. Жылына 33 миң тонна өнүм өндүрүлөт. Кургак сүт атайын идиштерде сакталат. Бир кутучага 330 грамм күкүм салынат. Аны суу менен аралаштырып, 3 жарым литр шубат алууга болот. Табигый өнүм азыркы тапта чет мамлекеттерге экспорттолууда.

АРШЫН ГАБИДЕН, ИШТЕТҮҮ ЦЕХИНИН ЖУМУШЧУСУ:

- Бул цех эң акыркы, заманбап техникалар менен жабдылып, бардыгы автоматташтырылган. Санариптик технология менен башкарылат. Цехтин негизги милдети – сүттү кабыл алгандан кийин, эң биринчи иштетүү жараяндарын жүргүзүү. Сепаратор менен тазаланып, андан кийин пастерилизация жүргүзүлөт. Эң соңунда таза сүттү биз кийинки цехке жиберип, күкүм кылып чыгарууга даярдайбыз.

Ишкана керектүү чийки затты жергиликтүү төө чарбачылыктарынан сатып алат. Түркестандык заводдо өнүм чыгаруу алкагында колдонулган технология шубаттын бардык керектүү касиеттерин сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

Фото: Хабар 24