Франциянын Казакстанга салган инвестициясы 15 миллиард АКШ долларына жетти

Казакстан менен Франциянын ортосундагы кызматташтыктын чек арасы кеңейет. Франция Евробиримдиктин ичиндеги эң ири делген экономикалык өнөктөштөрүнүн бештигине кирген мамлекет. Расмий Париж өлкө экономикасына түз инвестиция салуу көлөмү боюнча алгачкы үчтүккө кирет. Акыркы жылдардын ичинде Франциянын Казакстанга салган инвестициясы 15 миллиард АКШ долларына жетти. Тарапташтардын ортосундагы алыш-бериш жагыда көбөйүп, эки жактуу товар жүгүртүүсү 4,5 миллиард АКШ долларына барабар болду. Азыркы тапта Казакстанда француз капиталынын катышуусу менен 170ке жакын ишкана ийгиликтүү иш алып барууда. Биргелешкен долбоордун бири Нур-Султандагы электровоз кураштыруу заводу. Өнөктөштүк бир гана темир жол техникасын чогултуу менен чектелбейт.

БРЮНО ЛЕ МЭР, ФРАНЦИЯНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КАРЖЫ МИНИСТРИ:

- Казакстан Франциянын стратегиялык өнөктөшү. Франция Казакстан үчүн Европага жол ачкан ишенимдүү шериктеш. Биздин өнөктөштүк темир жол тармагы менен чектелбейт. Карым-катнашыбыздын мүмкүнчүлүктөрү кенен. Менин сапарымдын максаты жаңы байланыш багыттарын издөө жана жолго салынган өнөктөштүктү бекемдеп, колго алынган долбоорлордун ишке ашуусуна көмөк көрсөтүү.

Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн ортосунда негизги тармактарда тыгыз кызматташтык орногонун белгилеп кетүү керек. Тынчтык багытындагы ядролук өндүрүш, аба объектилерин куруу, энергетика жана документтердин коопсуздугу боюнча бир катар макулдашууларды өзгөчө белгилөө зарыл. Машина курууда, курулуш материалдарын чыгарууда, эки өлкөнүн дары-дармек индустриясында кызыкчылыктар бир каналга бириктирилет. Альтернативдик энергия, алдыңкы технологиялар өндүрүшү боюнча Франция дүйнөдө лидер. Көптөгөн өлкөлөр ири маалыматтык технологияларды натыйжалуу башкарууга кызыкдар.

Фото: mod.gov.kz