Казакстан менен Азербайжандын ортосундагы соода жүгүртүүсү өстү

Казакстан менен Азербайжандын экономикалык кызматташтыгы кеңейүүдө. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында 136 миллион долларды түздү. Бул 2018-жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 16 пайызга көп. Азербайжан Казакстандан битуминоздуу материалдардан алынган мунай өнүмдөрүн, этилен полимерлерин, унаалык кошумча бөлүктөрүн импорттойт. Ошондой эле, Казакстан минералдык ресурстар, химиялык чийки зат менен айыл чарба өнүмдөрүн экспортко жиберет.

ФИРДОВСИ ФИКРЕТЗАДЕ, АГРАРДЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- 2019-жылдын 6 айында Казакстандан 60 миллион долларды түзгөн айыл чарба өнүмдөрү импорттолду. Анын 57 миллион доллары буудайга тиешелүү. Каржынын калган бөлүгүнө башка дан өсүмдүктөр сатып алынды.

Азербайжандын айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, казакстандык дан импорту үч эсеге жакындаган. Буга бирдиктүү бажылык тарифтер да өз таасирин тийгизди.

ВУГАР БАЙРАМОВ, ЭКОНОМИСТ:

- 2018-жылдан баштап эки өлкө ортосундагы соода мамилелер жигердүү өнүгүп келет. Быйылкы көрсөткүчтөргө көз чаптырсак, Азербайжанда казакстандык импорт өскөнү байкалат. Буга бирдиктүү бажылык тарифтер да өз таасирин тийгизди. Ошондуктан ишкерлердин кызыгуусу өсүүдө.

Серепчилердин айтымында, казакстандык буудай өнүмдөрүнүн сапаты жогору болгондуктан, атаандаштыкка туруктуу келет. Ал эми, 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында, өткөн жылдагы көрсөткүчкө жетүү буга далил болот.

Фото: kazlenta.kz