Нур-Султан – Борбор Азия менен Чыгыш Европа каржы борборлорунун арасында лидер

Нур-Султан шаары Чыгыш Европа менен Борбор Азиянын каржы борборлорунун арасында лидер болуп табылды. Быйыл дүйнөлүк каржы борборлорунун индексинде Казакстандын борбору 10 тепкичке көтөрүлүп, 51-орунга ээ болду. Серепчилер бүгүнкү күндө шаар инвестициялык агымдарды тарткан эл аралык хаб катары саналарын белгилеп өттү. Өткөн жылы борбор экономикасына салынган каржы көлөмү 1 триллион теңгеден ашкан, бул өтөн жылкы көрсөткүчтөн 12 пайызга көп. Нур-Султан шаары улуттук экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү ролду аткарат. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча борбордо ички дүң өнүмдүн 9,8 пайызы өндүрүлдү жана өлкөнүн негизги капиталына 9,5 пайыз инвестиция тартылды. 2018-жылы шаардын аймактык дүң өнүм көлөмү 5,8 триллион теңгеге жеткен.

МАДИЯР КЕНЖЕБОЛАТ, ЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУНУН ЖЕТЕКЧИ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Дүйнөнүн каржы борборлору боюнча эсептелген бул индекс бир нече жылдан бер жүргүзүлүп келет. Биз буга чейин 88-орунда болгонбуз. Андан кийин өз эрежелерибизди мерчемдүү түрдө жакшыртып, 2019-жылдын кортундусу боюнча борборубуз 51-орунга ээ болду. Бул Борбор Азия менен Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн арасында эң мыкты орун катары саналат. Мисалы үчүн, биз Стамбул, Санкт-Петербург, Москва, Алматы сыяктуу  мегаполистерди артка калтырдык.

Серепчилердин пикиринде, рейтингтеги позициялардын жакшыруусуна инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана инвесторлорду тартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер таасир берген. Атайын экономикалык аймактын аймагында болжол менен 2 триллион теңге суммасына 393 долбоор ишке кошулду. №1 Индустриалдык паркта 71 долбоор ишке ашырылууда, ага 143 миллиард теңгеден ашуун каражат тартылды. Өткөн жылы эл аралык инвесторлордон долбоорлорду ишке ашырууга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө 964 миллион доллар түштү. Быйылкы жылдын беш айында борбордун негизги капиталындагы инвестиция көлөмү 189 миллиард теңгени түздү.

МАДИЯР КЕНЖЕБОЛАТ, ЭКОНОМИКАЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУНУН ЖЕТЕКЧИ ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Негизги капиталдагы инвестициялар сыяктуу көрсөткүчтөр жыл сайын өсүп жатат. Мисалы үчүн, түз чет өлкөлүк инвестициялар 2019-жылы 2018-жыл менен салыштырганда бир жарым эсе өстү. Ошондой эле, быйылкы жылы АЭКБ биржасы толук кандуу иш алып барып, англис укугу боюнча иштеп жатканын билгей кетүү керек. Аталган бардык факторлор, менин оюмча, Нур-Султан шаарынын дүйнөлүк каржы борборлорунун индексиндеги өз позициясын жакшыртуусуна өз таасирин тийгизди. 

Белгилей кетсек, 2050-жылга карай Нур-Султан дүйнөнүн эң мыкты 10 шаарынын катарына кирүүнү мерчемдеп жатат. Борборду өнүктүрүү концепциясынын алкагында бизнес-кызматтарды өнүктүрүү, «Жашыл экономика» эрежелерин киргизүү, «Smart City» долбоорун ишке ашыруу жана башка ушул сыяктуу ири багыттар аныкталган.

Фото: elorda.info