Караганды облусунда жаңы заманбап завод ишке кошулду

Караганды облусунда жаңы заманбап завод ишке кошулду

Караганды облусунда жаңы заманбап завод ишке кошулду. Ферро эритме заводунун курулушуна дүйнөнүн алдыңкы компаниялары катышты. Долбоордогу казакстандык үлүш 90 пайыздан ашат. Баасы 32 миллиард теңге болгон ишкана өсүп келе жаткан индустриялык-инновациялык өнүгүү мамлекттик программасынын алкагында ишке ашырылды. Эл аралык сапат талаптарына ылайык өнүм Орусия, Түркия, Түштүк Корея, АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрүнө жөнөтүлөт. Бул улуттук экономиканын өсүшүнө да таасир берет.

ЕРЛАН НЫГМАТУЛИН, «YDD CORPORATION» ЗАВОДУНУН УЮМДАШТЫРУУЧУСУ:

- Ушул ачылган жаңы ферросилициум заводу биздин Казакстаныбыздын индустриясынын жогорку деңгээлинин көрсөткүчү деп айтууга болот. Бул өлкөбүзгө инвестиция тартуудагы дагы бир туура кадам. Бүгүнкү күндө өндүрүш жайында экономиканы технологиялык модернизациялоо жана өнөр жайды санариптештирүү боюнча «Индустрия 4.0» программасынын бардык талаптарына ылайык келген эң алдыңкы инновациялык технологиялар колдонулат. Аны менен катар, заводдо чыгарылган өнүмдөрдүн 100 пайызы экспортко жиберилет жана сапаты жагынан да, экологиялык жактан да дүйнөлүк жогорку талаптарга ылайык болот.

Жаңы завод баштапкы кезеңде жылына 180 миң тонна өнүм чыгарат. Бул Казакстанга дүйнө боюнча ферросилиций өндүрүчүлөрүнүн ондугуна кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алдыдагы убакытта бул көрсөткүчтү жылына 240 миң тоннага чейин жеткирүү көздөлгөн. Ишканадагы абанын 99,8 пайызы тазартылат. Газ тазалоо системасы жыйналган чаңдан микро кремнезем жасайт. Аны жогорку маркалуу күлбото жасоо үчүн пайдаланууга болот. Өндүрүш очогу индустриялык аймак картасынын берметине айланат.

Караганды облусунда металлургия өнөр жайы жакшы өнүккөн. Акыркы үч жылда бул жерде заманбап жана технологиялык өндүрүштөр ишке кошулду. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында өнүмдүн так өсүшү 72 пайызды түздү. Тартылган инвестициялардын 93 пайызы жеке инвесторлордун, ал эми анын жарымы чет өлкөлүк инвесторлордун каражаты. Бул ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлордун системалуу жумушунун натыйжасы, дешет адистер.

Фото: inbusiness.kz