Казакстан менен Кореянын кызматташтыгы

Казакстан менен Кореянын кызматташтыгы

Казакстан менен Корея өлкөлөрүнүн карым-катнашы жаңы деңгээлге чыкты. Эки тараптын кызматташтык чөйрөдөгү дараметин кеңейтүүдө «Шамал жел» аттуу жаңы экономикалык кызматташтык программасына чоң ишеним артылып жатат. Аталган документке өткөн чын куран айынын аягында Корея президенти Мун Чже Индин Казакстанга жасаган сапарынын алкагында кол коюлду. Ал өзүнө 58 эки тараптуу биргелешкен долбоорлорду жана 10 багыттар боюнча комплекстүү иш-аракеттерди ишке ашырууну камтыйт.

КИМ ДЭСИК, КАЗАКСТАНДАГЫ КОРЕЯ ЭЛЧИСИ:

- Бул программада мунай-газ тоо-кен өндүрүшү, айыл чарбачылыгы сыяктуу негизги экономикалык тармактарда ишке ашыруудан мурун, Айти – маалыматтык жана акылдуу технологияларды, санариптештирүү саясатын, жашыл экономиканы киргизүү, 4-индустриалдуу революция багытындагы машина куруу, транспорт логистикалык борборлор менен инфраструктуралык курулушту жакшыртуу, турак жай курулушу, туризмди өнүктүрүү, ден соолукту чыңдоо жана билим берүү сыяктуу чөйрөлөрдү өзүнө камтыйт. Ал казакстандык Нурлуу жол программасы аркылуу ишке ашат.

Бүгүнкү күндө Казакстан менен Корея өлкөсүнүн ортосунда жалпы наркы 7,2 миллиард АКШ долларын түзгөн индустриалдуу-инновациялык 40 долбоорду жүзөгө ашыруу пландалган. Учурда анын 19у өндүрүш жолуна коюлду. Башка иштер «Шамал жел» программасынын алкагында ишке ашырылат. Дагы бир мисал, Алматы калаасынын айланма таш жолун төшөөнү корейлик компания колго алган. Жакынкы арада автоунааларды кураштыруу боюнча биргелешкен завод ачуу пландары да бар.

КИМ ДЭСИК, КАЗАКСТАНДАГЫ КОРЕЯ ЭЛЧИСИ:

- Корея Борбордук Азия өколөрү ичинде Казакстанга эң көп инвестиция салат. Ушул убакка чейин жергиликтүү экономикага 4 миллиард долларга жакын каржы салды. Эки тараптуу соода алмашуу да тезден өнүгүп келе жатат. Былтыркы жылдын соода алмашуу көлөмү 2,6 миллиард долларды түздү. Ал эми быйылкы жарым жылда биз бул көрсөткүчтүн 90 пайызына жеттик. Эки миллиард доллардын өнүмү экспорттолуп, импорттолду. Жыл аягына чейин бул деңгээлди көбөйтүү мерчемделген.

Жалпы эки тараптуу алыш-беришке келе турган болсок, Корея өлкөсүнө Казакстандан мунай менен уран жиберилсе, өз кезегинде Казакстанга кореялык электрондук товарлар менен транспорт жабдыктары жеткирилет. Бүгүнкү күндө өлкө аймагында корей капиталынын катышуусу менен 5000ден ашык жумуш орун түзүлгөн.

Фото: kaztag.kz