Казакстан-Кытай: Үшарал-Достык авто жолу

Алдыдагы жылдары Казакстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү өсүп, өлкөгө келе турган туристтердин саны көбөйөт. Буга эки мамлекетти бириктирген Үшарал-Достык багытындагы автомагистраль өз таасирин тийгизет. Бүгүнкү күндө туристтер аймакка темир жол же аба жолдору менен каттайт. Бирок, келүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү өз унаалары менен келүүнү туура көрүшөт. Ушул максатта мамлекеттик деңгээлдеги мааниси бар жолдо татаал оңдоп-түзөө иштери колго алынды. Кийинки жылы эс алуучулар Үшаралдан Алакөлгө чейин заманбап авто жол менен жете алышат.

АЛМАС АХАНОВ, РАЙОН АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Туристтердин көпчүлүгү Алакөл жээктерине өздөрүнүн унаалары менен келүүнү каалашат. Ошондуктан аймак үчүн аталган жолдун мааниси жогору. Казакстан менен Кытайдан ортосунда темир жол аркылуу ташылган жүктөрдүн көлөмү жылына 25 миллион тоннаны түзөт. Эгерде ушул жол ишке кошулса, авто жол аркылуу ташыла турган жүктөрдүн да көлөмү жогорулайт. Менин оюмча, аталган жолдун келечеги жаркын. 

Сууга түшүү сезонунда Үшарал-Достык багытындагы унаа каттамы көбөйө түшөт. Күндүзгү убакытта болжол менен 1500дөн ашуун темир тулпар  өтөт. Жол салуу жумуштарынын аякталышы менен бул көрсөткүч өсүп, туризмдин өнүгүшүнө таасир берет. Эки мамлекетти бириктирген маанилүү жолдун кеңдиги 9 метр жана карама-каршы багытта эки тилкелүү болот.

СЕРИК АЙДАРОВ, ДОЛБООРДУН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул баштан-аяк өзүбүз жүргүзө турган алгачкы долбоорлорубуздун бири. Долбоорду өзүбүз жасап, өзүбүз ишке ашырып жатабыз. Быйыл аяктайбыз деп жатабыз. Азыркы тапта асфальттын 12 чакырымын салып бүттүк. Кийинки долбоор даяр, ал мамлекеттик талдамага жебирилди, алар корутундусун бергенден кийин, күзүндө жумуштарды баштайбыз.

Үшарал-Достык багытындагы жолдун курулуш жумуштары үч кезең менен жүргүзүлөт. Авто жолдун 60 чакырымын оңдоо үчүн 16 миллиард теңгеден ашуун каржы каралган. Ал эми, 2021-жылы аталган жол пайдаланууга берилет.

Фото: silkadv.com