Өткөн жылы Алматы экономикасына 731 миллиард теңге каржы салынган

Өткөн жылы Алматы экономикасына 731 миллиард теңге каржы салынган

Казакстандын ири шаары Алматынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү ата мекендик жана чет өлкөлүк инвесторлорду кызыктырууда. Өткөн жылы шаарга тартылган инвестиция көлөмү 2017-жыл менен салыштырганда 10 пайызга өскөн. Белгилеп айтканда, шаар экономикасына 731 миллиард теңге каржы салынган. Ушундай кырдаалдарда, республика боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестицияны тартуу жагынан Алматы көч башында турат.

РҮСТЕМ ВОРОШИЛОВ, ИШКЕРДИК ЖАНА ИНВЕСТИЦИЯЛАР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Чет өлкөлүк инвестициялар туруктуу түрдө өсүп келе жатат. Ушул жылдын алгачкы 6 айында 73 миллиард теңгеден ашуун чет өлкөлүк инвестия келди. Биздин шаарда инвесторлор үчүн «Инвесторлор үйү» ачылган. Анын максаты - инвесторлорго болушунча колдоо көрсөтүп, бюрократиялык токсоолдуктарды азайтуу.

Алматыда өз ишин ачкысы келген чет өлкөлүк компанияга Алатоо районундагы Индустриалдык аймактан ижарага жер берилет. Бул жерде азыркы тапта бир нече чет өлкөлүк компания иштейт. Алар экономиканын негизги алты багытын камтыйт. Бул - азык-түлүк, химия, электроника, металл конструкциялары жана башка да тармактар.

ЭДВИН БЛОМ, ИНВЕСТОР:

- Эгерде Казакстанда жеткиликтүү баага сапаттуу өнүмдү алсак, жергиликтүү адистерди жумушка тарта турган болсок, анда бул рыноктон кетүүнүн муктаждыгы жок. Анда капитал ушул өлкөгө кызмат кылат. Айрыкча бул сервистик, өндүрүүчү жана иштетүүчү тармакка тиешелүү.

МАКСИМ АГЕЕВ, ФРАНЦИЯЛЫК КОМПАНИЯНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Казакстан чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатат. Башкаруучу база жакшырууда. Өлкөдөгү салык ченемдери да көңүлгө жагымдуу. Ошентсе да, экономикадагы өзгөрмө жагдайлар, валюта курсу бир аз ойлондурат.

Рыноктогу өзгөрүүлөргө өз убагында жооп берип, эффективдүү чечим кабылдай алган мамлекеттер чет өлкөлүк инвесторлор үчүн ар дайым тартымдуу болот, дешет адистер. Казакстан бул талаптар боюнча өзүн жакшы көрсөтө алганын баса белгилей кетүү зарыл. 

Фото: zakon.kz