Быйыл Казакстандын капиталы 6 миллиард долларды түздү

Быйыл Казакстандын капиталы 6 миллиард долларды түздү

Казакстандын жагымдуу инвестициялык климаты көптөгөн чет өлкөлүк ишкерлерди тартууда. 2019-жылдын алгачкы кварталынын жыйынтыгында өлкөнүн капиталы 6 миллиард долларды түздү. Серепчилер белгилегендей, Казакстанга жыл сайын инвестиция салуу жеңилирек болууда. Буга – быйылкы жылы республика “Бизнес жүргүзүү жеңилдиктери” рейтингинде 30 лидер өлкөнүн катарына киргени далил. Олуттуу секирик курулуш жана банкроттуктун тез жол-жобосу сыяктуу индикаторлор боюнча жасалган. Маалыматка ылайык, Казакстан эки жыл катары менен миноритардык инвесторлорду коргоо боюнча дүйнөлүк лидер болуп калды. Мындан сырткары, өлкөдө 12 атайын экономикалык жана 22 индустриалдык аймак иш алып барат.

АЛИДА ТУЕБЕКОВА, ИНВЕСТИЦИЯЛЫК КОМПАНИЯНЫН ДОЛБООРДУК МЕНЕДЖЕРИ:

- Биринчиден, бизде чет элдиктердин катышуусу менен жоопкерчилиги чектелген коом ачууга 3-4 күн кетет. Экинчиден, бизде кандайдыр бир мыйзамдар боюнча ченемдик документтерге көзөмөл жүргүзүлбөйт. Мунун бардыгы инвесторлордун ишкердик тобокелдиктери. Тактап айтканда, өлкө өзү чет элдик инвестицияга жана кызматташууга толук ачык.

Дүйнөдө инвестициялык агымдардын азайгандыгы байкалса да, серепчилер бул Казакстан үчүн көрсөткүчтөрүн жакшыртып, мүмкүн болушунча көбүрөөк инвестиция тартууга эң пайдалуу учур экендигине ишенет.

МАКСАТ КУРБЕНОВ, КОНСАЛТИНГДИК КОМПАНИЯНЫН БАШКАРУУЧУ МУДҮРҮ:

- Мисалы, АКШнын жана Кытайдын көптөгөн компаниялары азыртан баштап өздөрүнүн товарлары үчүн жаңы базарларды караштырып жатат. Башкача айтканда, алар оздөрүнүн заводдорун жаңы өлкөлөргө которууга белсенүүдө. Казакстан да глобалдык чынжырчага кошулган тизмек боюнча ушул жарышка катыша алат. Бүгүнкү күндө Казакстан кошумча нарктын глобалдык тизмегинде чийки зат секторунда гана көрсөтүлгөн.

Эске сала кетсек, Казакстандын экономикасына тартылган түз инвестициялардын дүң агымы 2018-жылы 24 миллиард доллардан ашкан. Бул көрсөткүчтү эки эсеге жогорулатуу ниети бар. Ал эми бул үчүн инвесторлорго жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш улантылып, чет элдик бизнесмендерди кызыктырууга жөндөмдүү жаңы долбоорлор иштелип чыгат.

Фото: kiplinger.com