Казакстан экономикасынын өсүшү 4,1 пайызды түздү

Казакстан экономикасынын өсүшү 4,1 пайызды түздү

Казакстан экономикасынын өсүшү 4,1 пайызды түздү. Бул үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча көрсөткүч. Өсүштүн кыймылдаткыч күчү негизинен өнөр жай, курулуш, унаа, соода жана айыл чарба тармактары болду. Иштетүү өнөр жайдагы өсүш машина куруу, мунай иштетүү, түстүү металлургия, жеңил өнөр жай, фармацевтика жана суусундук өндүрүшүнүн эсебинен камсыздалды. Экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу инвестициялардын жаңы толкунун тартууга да байланыштуу болду.

АСКАР ЖАПАРКУЛОВ, РК УЭМ МАКРОЭКОНОМИКАЛЫК ТАЛДОО ЖАНА БОЖОМОЛДОО ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Биринчи кварталда экономиканын өсүшү 3,8 пайызды түзсө, жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 4,1 пайызды түзгөн. Бул улуттук экономиканын абдан туруктуу экенин дагы бир жолу тастыктайт. Негизги капиталга инвестиция – абдан маанилүү индикатор. Ал да өлкө экономикасынын өсүшүн камсыз кылат. Биринчи жарым жылдыктын корутундусу боюнча тартылган инвестиция көлөмү 11,7 пайызга өскөн. Алгачкы кварталда 7 пайыз болгон. Башкача айтканда, эки эсеге жакын өсүш байкалат.

Эскерте кетсек, өлкө өкмөтү жыл сайын негизги капиталга инвестициялар көлөмүн орто эсеп менен 20 пайызга көбөйтүп, анын деңгээлин 2025-жылга карай ИДӨнүн 30 пайызына чейин жеткирүүнү көздөп жатат. Анын ичинде, түз чет өлкөлүк инвестициялардын жылдык көлөмүн азыркы 24 миллиард доллардан 34 миллиард долларга чейин көбөйтүү мерчемделген.

Фото: 7kun.kz