Казакстан менен Германия ортосундагы товар жүгүртүү 450 миллион АКШ долларына жетти

Казакстан менен Германия ортосундагы товар жүгүртүү 450 миллион АКШ долларына жетти

Евробиримдикке кирген Германия Казакстанды тышкы байланыштагы эң ишенимдүү шериктештеринин бири катары эсептейт. Жыл башынан берки 4 айдын ичинде эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 450 миллион АКШ долларына жетти. Европалык мамлекет Казакстанга өндүрүштүк жабдыктар, электро товарлар, унаа жана даары-дармектерди туруктуу жеткирип турат. Өз кезегинде ал өлкөгө Казакстан темир, химиялык кошулмалар, ферро эритме жөнөтөт. Бүгүнкү күндө Казакстанда немистердин түз каржылоосу менен 900 ишкана иштейт. Акыркы 10 жылдын ичинде Германиянын ишканалары Казакстан экономикасына 5 миллиард доллардан ашуун каржы салган. Евробиримдикке мүчө мамлекет бизнести өрчүтүүгө ири концерндеринен баштап, орто жана чакан бизнестерине чейин кызыктар экенин айтышат. Чет өлкөлүк серепчилердин маалыматы боюнча, Казак өлкөсүндөгү туруктуулук менен жагымдуу инвестициялык климат сырттан келген бизнестин орношуна башкы себеп болуп жатат.     

ЭДУАРД КИНСБРУНЕР, ГЕРМАНИЯ ЭКОНОМИКАСЫ ЧЫГЫШ КОМИТЕТИНИН АЙМАКТЫК МҮДҮРҮ:

- Инвестиция экономиканы өнүктүрүүдө жана алдыга жылууда өлкө үчүн абдан маанилүү. Инвесторлордун аркасында туруктуу жумуш орундары ачылууда. Андан башка жаңы технология өндүрүшкө кошулуп, киргизилет. Ошондуктан Казакстандын инвестициялык климаты кайсы жагынан алып карабаңыз ыңгайлуу.

Фото: vestikavkaza