Казакстандын агрардык мүмкүнчүлүктөрү

Казакстандын агрардык мүмкүнчүлүктөрү

Айыл чарбачылыгы – Казакстан экономикасынын башкы багыттарынын бири. 2025-жылга чейин өлкөдө импорт көлөмү 2 эсе азайтылып, ата мекендик өнүмдөрдүн үлүшү көбөйтүлөт. Ушул милдетти ишке ашырууга немис ишкерлери колдоо көрсөтө алат. Германия агробизнес альянсынын президенти Пэр БрОдерзендин пикиринде, Казакстандын айыл чарба тармагындагы мүмкүнчүлүгү мол. Анын айтымында, «Казакстанда жасалган» деген белги менен жогорку сапаттагы өнүмдөрдү чыгаруу үчүн заманбап технологияларды киргизүү керек.

ПЭР БРОДЕРЗЕН, НЕМИС АГРОБИЗНЕС БИРИМДИГИНИН МҮДҮРҮ:

- Менимче, импорттук өнүмдөрдүн үлүшүн азайтуу Казакстанга экономикалык жактан мыкты түрткү берет. Казак өлкөсү эт чарбачылыгы жана дан чыгаруу боюнча жигердүү түрдө иш алып барууда. Бул тармактарда Германия эң мыкты технологиялар менен айыл чарба техникасын сунуштай алат. Мисалы, бизде спутник аркылуу эгин эгүүдөн аны ооруга чейинки кезеңди көзөмөлдөй турган курал бар. Немис инвесторлору Казакстандын аймактарына кызыгып жатат. Өлкөнүн түндүгүндө дан жыш чыгарын билем, ал эми борбордук аймактар мал багууга жакшы, Түштүк Казакстанда болсо пахта мыкты өсөт.

Адистердин божомолу боюнча, агро өнөр жайлык комплексте заманбап технологияларды киргизүү импорт көлөмүн төмөндөткөндөн сырткары, бул өнүмдүн атаандаштыкка туруктуулугун жогорулатып, анын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнө оң таасирин тийгизет. Белгилей кетсек, 2025-жылга карай өлкөдө айыл чарба экспорту 2,5 миллиарддан 5 миллиард долларга чейин көбөйтүлөт.

ГҮЛМИРА ИСАЕВА, РК АЙЫЛ ЧАРБА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Биз данды терең иштетүү жагынан мыктыбыз. Азыркы кезде чет өлкөлүк рыноктордо дандын өзү боюнча атаандаштык абдан жогору. Ошондуктан буудай менен арпанын экспортунан иштетилген өнүмдөрдү экспорттоого өтүшүбүз керек. Бул ун болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө ал иштетилген өнүмдөр экспортунун жалпы үлүшүнүн 36 пайызын түзүп жатат. Бул тышкы рыноктордо чоң суроо-талапка ээ крахмал, глютен да болушу мүмкүн.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Казакстандын агро өнөр жайлык комплекси болжол менен үч миллиард долларлык өнүмдү экспортко жөнөткөн. Буга Алматы, Нур-Султан, Чымкент шаарлары менен Костанай, Түркестан, Чыгыш Казакстан жана Түндүк Казакстан облустарынын кошкон салымы жогору.

Фото: ukrinform.ru

Фото: ukrinform.ru