Казакстан-Аргентина: Агрардык чөйрөдөгү кызматташтык

Казакстан-Аргентина: Агрардык чөйрөдөгү кызматташтык

Казакстан Аргентинанын агрардык өнөр жай комплексиндеги тажрыйбасын өздөштүрүп жатат. Өлкөлөр агрардык тармакта кызматташууну кеңейтүүгө макулдашты. Аргентиналык серепчилер казакстандык өнөктөштөргө техникалык колдоо инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу өсүмдүк өстүрүүдө жана мал чарбасында кеңеш берүүгө даяр. Аргентина – агрардык өнөр жай комплекси тармагындагы алдыңкы мамлекеттердин бири болуп саналат. 40 миллион калкы бар өлкө 400 миллион адам үчүн өнүм өндүрөт. Ар бир аргентиналык планетадагы 10 адамды тамак-аш менен камсыздай алат. Жаңы агро техникаларды колдонуунун аркасы менен бул өлкө акыркы 10 жылда буудайдын түшүмүн жыйноо көлөмүн эки эсеге көбөйтө алды. Аргентиналыктар айыл чарба өнүмдөрүн өлкөнүн жалпы экспортунун колөмүн 55 пайызга чейин жеткире алды.  

ТОЛЕУТАЙ РАХИМБЕКОВ, АО "УЛУТТУК АГРАРДЫК ИЛИМИЙ-БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ" БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Аргентина буудайды, майлуу, эт жана башка айыл чарба өнүмдөрүн эң ири экспорттоочу өлкөлөрдүн алдыңкы үчтүгүнө кирет. Аргентинанын айыл чарбасында субсидиялардын эки түрү бар. Биринчиси, күйүүчү-майлоочу материалдарды субсидиялоо, бул дизелдик отунду 40% субсидиялайт. Экинчиси, инновациялык технологияларды киргизүүнү субсидиялоо. Жаңычылыктарды киргизүүдө 50 пайыз чыгымды мамлекет субсидиялайт. Инновациялык технологиялар илимий мекемелердин катышуусу менен киргизилет.

ХУАН БАЛБИН, АРГЕНТИНАНЫН УЛУТТУК АГРАРДЫК ТЕХНОЛОГИЯ ИНСТИТУТУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз агрардык тармактагы өзүбүздүн профессионалдуулугубузду сунуштай алабыз. Ошондой эле, мал өстүрө турган, алардын жардамы менен мал чарбасын өнүктүрүү үчүн эмбриондорду жеткирүүнү пландаштыруудабыз. Өсүмдүк өстүрүү боюнча биз өнүккөн технологияларыбыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Биз бул чөйрөнү изилдейбиз жана бул жаатта ар дайым сиздердин адистерге жардам бере алабыз. Казакстан дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн арасында айыл чарба өнүмдөрү менен камсыз кылуучу зор мүмкүнчүлүккө ээ.

Фото: 123rf.com