«Бейнеу-Акжигит-Өзбекстан чек арасы» автожолу Казакстандын транспорт дараметин арттырат

Борбордук Азия мамлекеттери транспорт инфраструктурасын модернизациялап, өнүктүрүү аркылуу эл аралык транспорт системасынын интеграциясын күчөтүүдө. Ушундай маанилүү долбоорлордун бири “Ташкент – Бейнеу – Атырау – Астрахань” жолу Каспий аймагына жана Европа өлкөлөрүнө чыгууга мүмкүнчүлүк берет. Аталган багытка кирген “Бейнеу-Акжигит-Өзбекстан чек арасы” автожолу толук кандуу ишке кирет. Жаңыртылгандан кийин мындагы орточо жүрүү ылдамдыгы 50дөн 100 чакырымга артты. Эми бул жол менен суткасына 7 миң транспортко чейин жүрүүгө болот. Казакстан менен Өзбекстандын транзиттик системасы артып, ортодогу соода алмашуунун өсүшүнө өбөлгө түзөт.

АБДУЛЛА АРИПОВ, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ:

- Бул жол эки мамлекетке соода менен экономиканы онүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Транспорт тармагы Казакстан менен Өзбекстан үчүн гана эмес, анын артыкчылыгын бүткүл Борбордук Азия өлкөлөрү көрө алмак. Бул ушул мамлекеттердин экономикаларын өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүк берет.

Айта кетсек, жыл башынан бери Казакстан менен Өзбекстан ортосунда соода алмашуу 25 пайызга өсүп, 1 миллиард долларга жеткен. Жаңы жол Борбордук Азия өлкөлөрү товарларына Орусия менен Кавказга, андан ары карай Европага тоскоолдуксуз жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берген эң кыска багыт. Ошондой эле Курык порту аркылуу транспорт транзитти илгерилетүүгө өбөлгө түзөт.

Фото: kazautozhol.kz