Казакстан менен Кытайдын кызматташтыгы

Казакстан менен Кытайдын кызматташтыгы

Казакстан менен Кытайдын экономикалык кызматташтыгы жигердүү өнүгүүдө. Алды менен экспорт менен импортко, мындан сырткары биргелешкен ишканаларды түзүүгө чоң көңүл бурулууда. Быйылкы жылы Казакстан «China International Import Expo» көргөзмөсүнө катышат. Ал үстүбүздөгү жылдын жетинин айында Кытайдын эң ири Шанхай шаарында өтөт. Маалыматка ылайык, бул эл аралык масштабдуу иш-чарага 130дан ашык мамлекет жана трансулуттук компания катышат.

НУРАЛЫ БУКЕЙХАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ТЫШКЫ СООДА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Өткөн жылы Казакстан бул көргөзмөгө биринчи жолу катышкан. Анда КЭРнын төрагасы Си Цзинь Пинь, Казакстан тарабынан 110 миллион долларга экспорттук келишим-шарт түзгөн 35 товар өндүрүүчү катышкан. Быйылкы жылы болсо 140 миңден ашык сатып алуучу ишкана чогулат. Аталган көргөзмөдө дүйнөнүн бардык өлкөлөрү көрсөтүлөт.

Ошону менен бирге, Казакстан менен Кытай Хоргостун туристтик дараметин өнүктүрүүнү улантып жатат. Бүгүнкү күндө ал чоң инвесторлорду тартуучу шаарга айланган жана туристтерди тартууга бардык мүмкүнчүлүгү бар. Белгилей кетсек, Казакстан менен Кытай чек аралык кызматташтык борборуна айланган шаарга эки мамлекет тургундары менен катар үчүнчү өлкөнүн жарандары визасыз, паспорт аркылуу гана өтө алат.

ЧЖАН ВЭЙ, АЛМАТЫДАГЫ КЫТАЙДЫН БАШКЫ КОНСУЛУ:

- Биз ар дайым биргелешип талкуулоо, куруу, пайдалануу принцибин карманабыз жана анын негизинде Казакстан менен өз ара пайдалуу кызматташтыктын актуалдуу долбоорлорун түздүк. Анан аларды ишке ашыруунун жыйынтыгында биздин өлкөнүн элдери утат. Азыр Кытай менен Казакстандын шаарларынын ортосунда көптөгөн каттамдар ачылган, өлкөлөрүбүздү Алашанькоу жана Хоргос аркылуу темир жолдор байланыштырат. Хоргос – эки өлкөнүн чек арасындагы эң маанилүү шаар. Ал жерде иштеп жаткан чек аралык кызматташтык борбору биздин достугубузду муундан-муунга өткөрүп берүүгө жана эркин соода-сатыктын өсүшүнө өбөлгө болот деп толук ишенем.

Эл аралык чек аралык өнөктөштүк борборунун инфраструктурасына Кытай тарап 200 миллион доллардан ашуун каржы багыттаган. Ал эми соода объекттеринин курулушуна бир жарым миллиард бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө Хоргосто 4 миңден ашык соода компаниясы иштейт. 2018-жылы шаарда 8 миллин 300 миң адам болуп кайткан. Ал эми ушул жылдын алгачкы 5 айында 2,5 миллион адам келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 70 пайызга көп.

Фото: sputniknews.kz