Актөбөдө КМШ өлкөлөрүнө карапа чыгара турган завод ишке кошулат

Актөбөдө европалык сапаттагы курулуш материалы өндүрүлөт. Азыр карапа-гранит менен карапа тактайчаларды чыгара турган заводдун курулушу аягына чыгып калды. Мерчем боюнча ишкана жыл аягына карай ишке кошулуп, керектөөчүлөргө биринчи өнүмүн жеткизе баштайт. Бул өндүрүш жайынын өзгөчөлүгү – ар кезеңдин үлгүсүнө ылайык ар кандай дизайндагы жана керектүү көлөмдө өнүм чыгарганында. Инвестициялык долбоордун жалпы наркы – 9,2 миллиард теңге. Керектүү чийки зат кору толук жергиликтүү жерден алынат. Көп узабай, ата мекендик рыноктогу өнүмдүн чет өлкөлүк альтернативасы өлкөдө өндүрүлгөн сапаттуу буюм менен алмаштырылат, дейт адистер. Алгач өлкө аймактарынын суроо-талабын канааттандырып, «Батыш Европа – Батыш Кытай» эл аралык унаа коридору аркылуу алыскы-жакынкы мамлекеттерге экспорттоо көздөлүп жатат.

ТӨРЕХАН ЖУМАГҮЛ, «АКТӨБӨ» КИК БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ:

- Долбоордун маанилүүлүгү – бул Батыш Казакстанда теңдеши жок өнүм чыгара турган завод болот. Мерчем боюнча өнүмдүн көп бөлүгү Орусияга, чет мамлекеттерге экспорттолот. Ал өз кезегинде, өзүбүздүн өлкөбүздүн, чөлкөмүбүздүн салык төлөнүшү, жаңы жумуш орундарынын ачылышына себепчи болот.

АЛЕКСЕЙ ТРУФАНОВ, ӨНДҮРШТҮН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бул  плита – атаандаштыкка туруктуу. Себеби, бул жогорку деңгээлдеги өнүм. Сапаты да жакшы. Көлөмдөрү ар кандай болот. Эң кичинекей карапаграниттин көлөмү – 30/30, ал эми эң чоңу 120/90 плитка болушу мүмкүн. Ишкананын кубаттуулугу жылына болжол менен беш  миллион чарчы метрди түзөт.

Фото: aktobe.atameken.kz