Өндүрүш комплексинин өнүгүшү

Өндүрүш комплексинин өнүгүшү

Казакстанда өнөр жай тармагынын өнүгүү деңгээли өсүүдө. Тармактык мекеме адистеринин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын беш айынын көрсөткүчү эки пайызга өскөн. Өсүш химия жана жеңил өнөр жайлар, мунай иштетүү, машина куруу, түстүү металлургия сыяктуу ишканаларда байкалат. Бул багытта 2019-жылдын алгачкы төрт айында эле даяр өнүмдү экспорттоо көлөмү беш миллиард долларды түзгөн. Ал эми өндүрүштүк комплексинин негизги капиталына салынган инвестиция көлөмүнө келе турган болсок, ал быйылкы жылдын беш айында 255 миллиард теңгеге жеткен.

АМАНИЯЗ ЕРЖАНОВ, РК ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ӨНҮГҮҮ ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- 2015-жылдан баштап өлкөбүздө индустриалдаштыруунун экинчи беш жылдыгы ишке ашырылууда. Алдыдагы жыл аяктоо жылы катары саналат. Өткөн жылы индустриялдаштыруу картасынын алкагында 1,3 триллион теңгеге 102 долбоор ишке кошулду. Быйылкы жылы биз индустриялдаштыруу картасына 120дан ашуун долбоорду киргизүү аркылуу 1,1 триллион теңге мерчемдеп жатабыз.

Бул багытта машина жыйноо тармагындагы автомобиль кураштыруу ишинин үлүшү 25 пайызга өскөнүн белгилей кетүү керек. Тармактык адистердин сөзүнө таянсак, өткөн жылдын беш айында 17 миң даана унаа объекти чыгарылган. Өсүшкө ички рыноктогу суроо-талаптын өскөнү жана тышкы экспорт рынокторунун ачылышы, жеңилдетилген авто насыялоо мамлекеттик программасынын ишке ашыруулусу өз таасирин тийгизүүдө, дешет серепчилер.

ЕРЖАН ИМАНСЛЯМ, РК ИИӨМ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Азыркы тапта чет өлкөлүк өндүрүүчүлөр наркты ар дайым көзөмөлдөп турат. Айрыкча авто өндүрүүчүлөр үчүн кандай жеңилдиктерди жасарыбызды көзөмөлдөшөт. Быйыл бир нече келишимдерге кол коюлду. Казакстанда кураштырыла турган унаалар бардык жагынан пайдалуу. Евробиримдикке чыгарса анын мүмкүнчүлүктөрү дагы да өсөт.

Фото: inbusiness.kz