2020-жылы Казакстандын борборунда ДCУнун XII министрлик конференциясы өтөт

2020-жылы Казакстандын борборунда ДCУнун XII министрлик конференциясы өтөт

2020-жылы Казакстандын борборунда Дүйнөлүк соода уюмунун он экинчи министрлик конференциясы өтөт. Уюмдун башкы мүдүрүнүн пикиринде, масштабдуу иш-чараны кабыл алуу жана ага төрагалык кылуу – ар бир мамлекет үчүн жогорку милдет. Ошентсе да, Казакстандын борборунун ушул сыяктуу форумду ийгиликтүү өткөрүү үчүн керектүү инфраструктурасы бар.

РОБЕРТО АЗЕВЕДО, ДСУнун БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Жакында Нур-Султан шаарында болуп, конференция өтө турган имараттар менен бөлмөлөрдү карап, жолугушууларды уюштура турган кызматкерлер менен сүйлөштүм. Баарына ыраазы болдум.  Конференциянын алкагында өлкөлөрдүн өнүгүшүнө таасир бере турган айыл чарба менен азык-түлүк коопсуздугу сыяктуу салттуу тармактарды караштырууну көздөп жатабыз. Бирок аны менен бирге жаңы маселелер менен чакырыктар боюнча да иш алып барабыз.

Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин Казакстан дароо ассоциациянын жумушуна жигердүү аралашты. 2017-жылы өлкө экологиялык максаттагы товарлар соодасы боюнча сүйлөшүүлөр тобун башкарган. Ал эми, өткөн жылы кызматтар соодасы боюнча атайын сессияга жетекчилик  кылган.

ЖАНАР АЙТЖАНОВА, РК ШВЕЙЦАРИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Дүйнөлүк сүйлөшүүлөр сессиясын башкарганыбыз маанилүү болду. Эң биринчи бул тең атаандаштык үчүн керек. 2020-жылы кулжа айынын сегизи менен он бири аралыгында Нур-Султан шаарында өтө турган конференциянын алдында көп тараптуу соода системасын өнүктүрүү боюнча так чечимдерди кабыл алуу маанилүү болуп жатат. Белгилеп айтканда, электрондук соода боюнча ар тараптуу талкуулоону баштоо тууралуу чечим чыгарылат деп ойлойбуз. Бул Дүйнөлүк соода уюмунун заманга ылайык болуусу үчүн керек.

2015-жылы Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн аякталуусу менен бирге, Казакстан Евробиримдик менен кеңейтилген кызматташтык жана шериктештик Келишимин түзүү даярдыгын аяктаган. Бул документтин басымдуу бөлүгү Евробиримдик өлкөлөрү менен  инвестициялык, бизнес жана соода мамилелерин өрчүтүүгө арналган. Жалпы Казакстандын тышкы соода көлөмүнүн жарымы ушул өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келет.

ЖАНАР АЙТЖАНОВА, РК ШВЕЙЦАРИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Евробиримдик менен бардык келишимдерибиз Дүйнөлүк соода уюмундагы милдеттемелерибизге ылайыкташтырылган. ЕАЭБ эрежелери менен да айкылаштырууга туура келди. Техникалык жагынан бул татаал сүйлөшүүлөр болду. Ошентсе да, баарын айкылыштыра алдык.

Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден бери өлкөгө 67 миллиард доллар өлчөмүндө түз инвестиция тартылган. Анын үчтөн бир бөлүгү кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүүгө салынган. Бул эң биринчи, соода, дистрибьютордук, курулуш, унаа-логистикасы жана каржылык кызмат түрлөрү.