Казакстанда быйылкы жылы 89 миллион тонна мунай өндүрүү мерчемделип жатат

Казакстанда быйылкы жылы 89 миллион тонна мунай өндүрүү мерчемделип жатат. Өлкөнүн батышында кара алтынды өндүрүү чет өлкөлүк компаниялар менен биргеликте аткаруу улана берет. Тиешелүү келишимди Энергетика министрлиги 3 чет өлкөлүк ишкана менен узартты. Тараптар 2039-жылга чейин Маңгыстоо облусунда жайгашкан Дунга кен жайын өздөштүрөт. Бул кошумча 9 миллион тонна мунай өндүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Белгилей кетүүчү жагдай, кен жайы 2000-жылдан бери сынактан өткөрүлүп, 2007-жылдан баштап толук кандуу өнүгүү тепкичинде.

КАНАТ БОЗЫМБАЕВ, РК ЭНЕРГЕТИКА МНИСТРИ:

- Дунга кенин өздөштүрүүнүн 3-фазасы ишке ашырылат. Ал инвесторлордун аймакка 300 миллион долларлык салымынын эсебинен ишке ашат. Мунай өндүрүү көлөмү жылда 20-25 пайызга өсөт. Өндүрүлө турган мунайдын 15 пайызын инвесторлор ички рынокко жиберишет. Бул эң төмөнкү көрсөткүч. Алдыда бул көрсөткүч өсүшү мүмкүн.

Ар бир мамлекеттин экономикасында чет өлкөлүк инвестициялар агымы маанилүү ролду аткарат. Жалпы Казакстан көз карандысыздык алгандан бери республикага 320 миллиард АКШ долларлык түз инвестиция тартылган. Былтыр экономиканы өрчүтүүгө инвестиция тартуунун дүйнөлүк жигердүүлүгү 27 пайызга азайса, Казакстан чет өлкөлүк инвестициялардын туруктуу агымын бир калыпта кармап көбөйтө алды. Өлкөдөгү каржынын эффективдүү жумшалуусуна Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынын президенти жогору баа берип жатат.

СУМА ЧАКРАБАРТИ, ЕӨКБнын ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз өз жумушубуздун эффективдүүлүгүн көлөмүнөн гана эмес, инвестицияларыбыздын сапаты менен өлчөдүк. Казакстанга салган инвестициянын жалпы көлөмү 9 миллиард доллардан ашат. Анын ичинде быйылкы жылы 450 миллион доллар каржы салып жатабыз. 3 альтернативалык кубат булактарын өрчүтүүгө арналган долбоорду каржылайбыз. Казакстандын «жашыл экономикасын» колдоого жалпы суммасы 375 миллион доллар бөлдүк.

Бүгүнкү күндө Казакстанды чет өлкөлүк инвесторлор жагымдуу инвестициялык климат орногон мамлекет катары билишет. Аны менен катар, Казакстан чет өлкөлүк капиталды тартуу боюнча лидер өлкөлөрдүн катарында.

Фото: pavon.kz