Astana Finance Days: Ислам каржылоосу

«Астана» эл аралык каржы борбору – аймактагы ислам каржылоосун өнүктүрүү үчүн тартымдуу платформалардын бири. Бүгүнкү күндө ушул багытта Ислам Өнүгүү банкы менен кызматташып, ыңгайлуу укуктук жана жөндөгүч база түзүү боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Тажрыйба алмашууга жана адистерди окутууга да көп көңүл бөлүнөт. Борбордо Ислам Өнүгүү Банкынын бөлүмдөрүнүн чеберчилик сааттары өттү. Катышуучулар Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдө жеке тармакты өрчүтүү үчүн ислам каржы куралдарын, дүйнөлүк тренддерди талкуулап, тармактын акыркы жаңылыктары тууралуу маалымат алмашты. Серепчилердин айтымында, Казакстандын ислам каржылоосун өнүктүрүүдөгү тажрыйбасын бүткүл Борбор Азия үйрөнүүдө.

ШЕЙХ БИЛАЛ ХАН, АЭКБ АКИМЧИЛИГИНИН БИЗНЕСТИ ЭЛ АРАЛЫК ИЛГЕРИЛЕТҮҮ ДЕПАРТАМЕНТИНИН ИСЛАМДЫК КАРЖЫЛОО БАГЫТЫ БОЮНЧА БАШЧЫСЫ:

- Семинарлардын башкы максаты – Борбор Азия аймагында, англис укугуна негизделген көз карандысыз платформа катары саналган «Астана» эл аралык каржы борборунун платформасын пайдаланууда кызыктар практик-адистерди жана ислам каржы индустриясынын өкүлдөрүн бириктирүү. Каржы борбору кардарлардын муктаждыктарын канааттандырат жана пайда сунуштайт, бул толук көз карандысыз, адилеттүү укуктук илгерилетүү системасы. Астана эл аралык каржы борбору – аймактагы уникалдуу үлгү, ошондуктан бүгүнкү күндө Өзбекстан казакстандык тажрыйбаны үйрөнүүдө.

САМИР ТАГИЕВ, ЖЕКЕ ТАРМАКТЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ИСЛАМ КОРПОРАЦИЯСЫНЫН КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНӨ АРНАЛГАН БАШКЫ АЙМАКТЫК МЕНЕДЖЕРИ:

- Виза алуу абдан оңой болуп калды, бизде чет өлкөлүктөр көп. Өзүңүз билесиздер, Ислам Өнүгүү Банкы 56 өлкөдө иш алып барат. Ошондуктан виза керек. Бир күндө АЭКБ аркылуу виза алабыз. Биз Казакстанды башка да өлкөлөргө тааныткыбыз келет, бул жерде бир гана Казакстан эмес, бүткүл Борбор Азия, Тажикстан, Өзбекстан жана ислам дүйнөсүнүн башка да өлкөлөрүнөн катышууда.

Белгилей кетүүчү жагдай, ислам каржысы – көлөмү 2,5 триллион доллардан ашкан, дүйнөдөгү тез өнүгүп келе жаткан сегменттердин бири. Серепчилер анын 2023-жылга карай 3,8 триллионго чейин өсөрүн божомолдоп жатышат.

Фото: Хабар 24