Дүйнөлүк серепчилер АЭКБнын өнүгүү келечегин талкуулашты

АЭКБ аймактын ири каржы хабына айланууда. Серепчилер анын дараметин жогору баалашат. Алардын пикиринде, институт акыркы учурда өзүнүн ачыктык, эффективдүү ишмердүүлүгүн көрсөтө алды. Акыркы жылдары жетишилген ийгиликтер түзүмдүн мындан аркы өнүгүүсү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Эскерте кетсек, АЭКБ англис укугу жана принциптерине негизделген. Жалпылап алганда бүгүнкү күндө АЭКБда 200дөн ашык компания иштейт. Алардын ичинен 20 юридикалык - талаш-тартыш жана башка укуктук маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт.

НУРЖАН КОСБАЕВ, АЭКБ АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

- Бүгүнкү күндө АЭКБ ЭКСПОдо жайгашкан кеңселерди кошо алганда бардык шарттарды түзгөн. Биз жыл аягына чейин компаниялардын саны 200дөн 250гө чейин жетет деп ойлоп жатабыз. Алардын ичинде инвестиция сала турган көп инвестициялык компаниялар бар деп ойлойм.

ЭНДРЮ ОЛДЛАНД, АЭКБНЫН УКУКТУК-КОНСУЛЬТАТИВДИК КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ:

- АЭКБнын өнүгүү келечеги жакшы. Ал тартымдуу болот. Биринчиден, бул биз үчүн ачык аянтча. Муну менен Казакстанга көптөгөн инвестиция тартылышы мүмкүн.

Фото: inform.kz