АЭКБ сотунун имараты расмий ачылды

Нур-Султан шаарында АЭКБ сотунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул жерде өткөн жылдын үчтүн айынан баштап мыкты эл аралык тажрыйба жана англис укугунун негизинде жарандык, коммерциялык дооматтар карала баштаганын белгилей кетүү керек.

КРИСТОФЕР КЭМПБЕЛЛ-ХОЛТ, АЭКБ СОТ АППАРАТЫНЫН КАТТООЧУСУ ЖАНА ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бизге ушул жылдын бирдин айында биринчи иш келип түштү. Соттун чечимдери англис жана орус тилинде биздин сайтыбызда жеткиликтүү. Адамдар эч кандай кыйынчылыксыз алар менен тааныша алат. Бизге биринчи иш БАЭ же Катардагы альтернативалык сотторго караганда тезирек түшкөнүн мактануу менен айта алабыз. Ушуга кошо биздин соттун чечими казакстандык бийликтин жардамы менен дароо аткарылганы кубандырат.

Астана эл аралык каржы борборундагы сот көз карандысыз институт болуп саналат. Анын курамында эл аралык даражадагы арбиторлор иш алып барышат. Сот каттоочусу Кристофер Кэмпбелл-Холттун пикиринде, Казакстанда ушундай адилеттүү мекеменин болушу бир гана өлкөнүн эмес, жалпы Евразия аймагынын инвестициялык тартымдуулугун жогорулатты.

КРИСТОФЕР КЭМПБЕЛЛ-ХОЛТ, АЭКБ СОТ АППАРАТЫНЫН КАТТООЧУСУ ЖАНА ЖЕТЕКЧИСИ:

- Инвесторлор АЭКБнын соту менен эл аралык арбитраждык борбору адилеттүүлүктүн эл аралык талаптары менен стандарттарына ылайык иш алып барарына толук ишениши керек. Бул дегенибиз мыйзамдардын бардык юридикалык  жараяндарды кошо алганда кынтыксыз иштеринин кепили. Ушуга кошо толук көз карандысыз, бир дагы адам судьялардын ишине аралаша албайт. Чет өлкөлүк инвесторлорду коргоо абдан маанилүү аракет. Алар АЭКБ аркылуу салган каржылары ар тараптан коргоодо болорун билиши керек.

Кэмпбелл-Холттун айтымында, англис укугуна негизделген АЭКБ соту менен арбитраждык борбордун жумушу бардык дүйнөнүн инвесторлоруна Казакстанга каржы салуунун коопсуз экенинин кепили сыяктуу.

Фото: informburo.kz