Кореянын ири корпорациясы өлкөгө трактор куруу долбоорунун алкагында каражат салат

Кореянын ири корпорациясы өлкөгө трактор куруу долбоорунун алкагында каражат салат

Казакстандын ыңгайлуу инвестициялык климаты чет өлкөлүк ишкерлерди тартууда. Жыл сайын чет өлкөлүк капиталдын агымынын көбөйүшү байкалып жатат.  Тоо-кен жана кайра иштетүүчү өнөр жай, соода, каржы жана транспорт тармактары өтө көп кызыгууну жаратат. Кореянын ири корпорацияларынын бири өлкөгө трактор куруу долбоорунун алкагында каражат салууга ниеттенүүдө. Компания алкачкы этабында маркетингди өнүктүрүү жана таракторлорду сатууну инвестициялайт. Мындан сырткары компаниянын өзүндө казакстандык жумушчуларды окуудан өткөрүү пландалууда. Эске сала кетсек, Түркестан облусундагы трактор заводу 2015-жылдан бери иштеп келет. Акыркы эки жылда 120 айыл чарба техника бирдиги иштелип чыкты.

ГРЕГ НАМ, КОРПОРАЦИЯНЫН БАШКЫ ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз жыл ичинде миң трактор өндүрүүдөн баштап, өндүрүштүн көлөмүн 10 миңге чейин кеңейтүүнү пландап жатабыз. Буга мүмкүнчүлүк жана суроо-талап бар деп ойлойм. Бул биз үчүн чоң базар, ал эми Казакстан үчүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүк болот.

Мындан сырткары Казакстандын агрардык тармагына олуттуу инвестициялар тартылат. Дүйнөлүк банк 500 миллион доллар өлчөмүндө эт мал чарбачылыгын өнүктүрүү программасын ишке ашырууну каржылоого даяр.

САПАРХАН ОМАРОВ, РКНЫН АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИ:

- АКШнын айыл-чарба министри жана Небраска штатынын губернатору менен жолугушуу болду. Биз ирригациялык курулуштарды жакшыртуу, заводду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз азыр мал чарбачылыгы компаниялары, ири эт өндүрүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз, алар Казакстанга ири эт өндүрүү заводун салуу боюнча инвестициялары менен келет.

Адистер заманбап технологияларды жайылтуу менен бирге чет элдик капиталды тартуу Казакстандын экономикасынын бардык тармактарын өнүктүрүүгө жаңы дем берет деп ишенет.

Фото: forbes.kz