Казакстандын алма өнүмү дүйнөлүк рынокту багындырууда

Казакстандын экологиялык таза жана табигый азык-түлүктөрү чет өлкөдө абдан белгилүү болууда. Айрыкча чет элдиктерге казактын алмадан жасалган ширелери, кыямы жана кагы жагат. Экономикалык көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө Алматы облусунун ишканалары өз салымын кошууда. Казакстандын Енбекшиказак районунда жайгашкан ата мекендик компаниялардын бири бул жылы 8 жарым млн литр ширени экспортко чыгарууну көздөп жатат. «Made in Kazakhstan» деген жазуусу бар товарлар Орусия, Польша, Германия, ошондой эле Азия өлкөлөрүнө жөнөтүлөт.

ЕГОР ХАХУЛИН, КОМПАНИЯНЫН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА МҮДҮРҮ:

- Бул жыл биз үчүн Түштүк-Чыгыш Азияга экспортко чыгуунун алгачкы кадамдары. Биз Түштүк-Чыгыш Азия: Катар, Сингапур, Малайзия, БАЭ, Кытай менен келишим түздүк. Биз азыр өзүбүздү сыноо үчүн Кытай менен кызматташып жатабыз. Биздин өнүмдөрүбүз аймакта экологиялык жактан таза болгондугуна байланыштуу олуттуу кызыкчылык бар. Анткени биздин өнүмдөр органикалык сертификатка ээ.

Фото: 24.kz