Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

Казакстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү

Казакстан - инвестициялык жактан жагымдуу өлкө. Республика каржы салууда эн ишенимдүү 20 мамлекеттин катарына кирет. Эми Казакстан бул көрсөткүчтү дагы да жакшыртып, алдыңкы 15 топтун ичине кирүүгө ниеттенүүдө. Жагымдуу ишкердик климат жана саясий туруктуулук чет өлкөлүк инвесторлор үчүн негизги факторлор болуп саналат. Нур-Султанда түзүлгөн “Астана” Эл аралык каржы борбору Казакстандын тарыхынын жаңы барагын ачты.

КАЙРАТ КЕЛИМБЕТОВ, АЭКБНЫН БАШКАРУУЧУСУ:

- Алар үчүн англис укугуна негизделген, батыш технологиялары менен жабдылган жаңы биржасы, инвестициялык талаш-тартыштарды чече турган институттары бар, менчиктештирүү жараяндары жүрүп турган “Астана” Эл аралык каржы борборунун модели абдан кызыктуу.

Көптөгөн өлкөлөрдүн жана ири инвестициялык, каржылык уюмдардын өкүлдөрүн Казакстандын Кытай демилгеси "Бир алкак, бир жол" долбооруна катышуусу кызыктырат.

СОНЯ ГИББС, ЭЛ АРАЛЫК КАРЖЫ ИНСТИТУТУ БӨЛҮМҮНҮН БАШКЫ МҮДҮРҮ / АКШ:

- "Бир алкак, бир жол" демилгеси абдан маанилүү жана дымактуу максаттарды көздөйт. Айрыкча, Казакстан сыяктуу өнүгүп келе жаткан рыноктор жана жогорку тобокелдүү рыноктор үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Туруктуу өнүктүрүү боюнча максаттарга жетүү үчүн алар жергиликтүү инфраструктурага каражаттарды инвестициялоосу зарыл.

Белгилей кетсек, Казакстанда инвестиция салууга жагымдуу шарттарды колдоо максатында Президентке караштуу улуттук жана чет элдик инвесторлор Кеңеши, Премьер-министрдин төрагалыгынын алдында инвестициялык климатты жакшыртуу Кеңеши, ошондой эле инвестициялык акыйкатчы институту иштейт.

Фото: inbusiness.kz