«Astana Finance Days» конференциясы

Нур-Султанда ата мекендик жана эл аралык финансисттер жолугушту. «Astana Finance Days» конференциясынын алгачкы күнүндө талдамалык аянт түзүлдү. Анын максаты - дүйнөлүк рынокко көз арткан жаш компанияларды жеке иштерине каржы салууга кызыктар эл аралык инвесторлор менен байланыш орнотуп, биргеликте иштешүүгө үйрөтүү. Эл аралык деңгээлдеги каржы институттарынын дасыккан адистеринен дарс угууга алыскы-жакынкы чет өлкөлөрдөн 100гө жакын адам келди. Негизинен алардын көбү Борбор Азия өлкөлөрү менен Орусиянын жашоого ийкемдүү долбоорлорун сунуштаган ишкана өкүлдөрү. Алар каржы тармагы, компанияларды инвесторлор менен  айкалыштыруу ай-пи-ону эл аралык сатыкка чыгаруу тармагында билимин жогорулатышат.

ЕРНУР РЫСМАГАНБЕТОВ, АЭКБ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН  ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Биз келечеги бар, салган каржы акталат деген 20га жакын  компанияны тандоону мерчемдеп койдук. Алар менен алдыдагы аяк оона айында комплекстүү түрдө жумуш алып барууга киришебиз. Биз 20 компаниянын өнүгүшүн камсыз кыла турган программаларды караштырып, сырттан инвестиция тартууга жардам беребиз. Кийин биздин корутундуга ылайык топтогон тажрыйба менен өлкөбүздүн башка рынок катышуучулары менен бөлүшүүнү көздөйбүз. Олуттуу демилге эмне үчүн керек, кандай жолду басып өтүү керек деген сыяктуу маселелерди камтыйт.

«Astana Finance Days» конференциясына жалпы Казакстандан башка АКШ, Улуу Британия, Сингапур жана Индия сыяктуу бир катар мамлекттен 300гө жакын серепчи катталган. Форумдун алкагында адистер дүйнөлүк экономиканын акыркы он жылында орун алган өзгөрүүлөрдү талкуулап, интеграциялык жараяндардын планын түзүү, Жибек жолунун мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу сыяктуу каржылык маселелери ортого салынат. 

Фото: inform.kz