Мамлекет ишкерлерге колдоо көрсөтүүдө

Мамлекет ишкерлерге колдоо көрсөтүүдө

Казакстандык ишкерлер мамлекеттик колдоо чараларын көрүп жатат. Өкмөт тарабынан жасалып жаткан чакан жана орто бизнести өнүктүрүү механизмдери иштин курулушун кеңейтүү же жаңы иш баштоого чоң себеп болууда. Мисалы, Жибек Турысова «Бизнестин жол картасы - 2020» программасынын алкагында атайын грантка ээ болду. Утуп алган каржы капсулалык мейманкана салууга жумшалган. Эгерде Жапонияда бул бизнес түрүнүн өнүгүшүнө 40 жылдан ашса, Казакстанда эми гана жайылып баштады. Саякатчылар мындай капсулаларда эс алышат. Ичинен жабылган конок үй чакан болгону менен жайлуу, бардык шарттар түзүлгөн. 

ЖИБЕК ТУРЫСОВА, ИШКЕР:

- Мен салган акчамды кайтарып алдым деп ишенимдүү айта алам. Бизнес ачууга кеткен акчанын бир бөлүгү гранттык, калганы жеке каражатым. Мен эми бизнесимди өнүктүрүп кеңейтүүнү пландап койдум. Бүгүнкү күндө кыялымды жүзөгө ашырууга керектүү франчизаны москвалык компания иштеп чыкты. Кыялымды жалпы Казакстан, КМШ аймагында өнүктүрсөм дейм.

Өлкөдө эми  чиркегичтер менен жабдууларды кураштырууну өндүрүү боюнча жаңы долбоор бар. Цехтин аткаруучу мүдүрү Аблай Баянтаевдин айтымында, өлкөдө ат спортунун түрлөрүнүн өнүгүшүнө байланыштуу жылкы ташый турган чиркегичтерге сурам күч алууда. Бүгүнкү күндө Казакстандын бардык аймактарынан көптөгөн буйрутмалар келип түшүүдө.  Жада калса коңшу Өзбекстан дагы казакстандык өнүмгө кызыгуу артууда.  Жакында ишкана өзгөчө кырдаалдар комитетинен буйрутма алган.

АБЛАЙ БАЯНТАЕВ, ИШКЕР:

- Жазгы суу ташкын учурунда ӨКМ суу соргуч насос жүктөлгөн 56 чиркегич буйрутма кылды. Алар Казакстандын бардык аймактарында керек болот. Чоң буйрутмалар келип, ишибиз алга жыла баштады.

Жаш ишкер Алибек Назарбаев жергиликтүү чийки заттан накта быштакты өндүрүүнү баштады. Азыркы учурда ишкана сүт өнүмүнүн 35 түрүн чыгарат, жылына 9 тоннага жетет. Бул белгилүү испан, италия жана француз сырларынын  альтернативдүү түрлөрү, ресторан жана соода жерлерге жеткирип берилет. Ишкер жаран келечекте бизнести колдоого багытталган "Улук сеньорлор" мамлекеттик программасына катышууну пландоодо.

АЛИБЕК НАЗАРБАЕВ, ИШКЕР:

- Мен чет элден өндүрүшүмдү жолго койгон тажрыйбалуу адисти чакырууга кызыктармын. Ал сыр өндүрүшүндө жаңы технология өндүрүүгө өбөлгө түзөт. Кесиптештер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Алардын бири менен жыл соңуна чейин Алматыда сыр өндүрүшүн ачууну пландап койдук.

Ишкерлер мамлекеттик колдоонун жаңы механизмдери жеке өндүрүш иштерин жолго коюу менен чет өлкөлөргө өнүмдөрүн экспорттоо көлөмүн көбөйүүсүнө ишенишет.

Фото: blognews.kz