Казакстан Евразиянын транспорт-логистикалык рыногунда өз ордун бышыктоодо

Казакстан Евразиянын транспорт-логистикалык рыногунда өз ордун бышыктоодо

Казакстан Евразиянын транспорт-логистикалык рыногунда өз ордун бышыктоодо. Өткөн жылы өлкө аймагынан өткөн транзиттик жүктүн жалпы көлөмү 19 миллион тоннадан ашкан. Бул 2017-жыл менен салыштырганда 6 пайызга көп. Киреше 427 миллиард теңгени түздү. «Хоргос – Чыгыш дарбазасы» кургак порту, Кытай менен чектеш эки темир жол өтмөгү, «Батыш Европа – Батыш Кытай» автомагистралы, Актау жана Курык деңиз порттору  -  Чыгыш-Батыш жана Түндүк-Түштүк багыттарына эффективдүү жүк өткөргөн Казакстандын күчтүү логистикалык хабы экенинен кабар берет.

БЕРИК КАМАЛИЕВ, РКнын ИНДУСТРИЯ ЖАНА ИНФРАСТРУКТУРАНЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Бүгүнкү күндө Актау деңиз порту менен Курык мультимодалдык комплексинин өткөрүү жөндөмдүүлүгү 27 миллион тоннага жеткирилди. 2018-жылды алганда Актау жана Курык деңиз порттору аркылуу 6,5 тонна өттү.  Бул 2017-жылга салыштырганда 18 пайызга көп. Бул жылы аны 7,5 миллионго жеткирүүнү көздөп жатабыз.

Казакстан республика аймагы аркылуу Батыш Европа – Батыш Кытай багытында контейнердик ташуулардын көлөмүн жогорулатуу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүдө. 2020-жылы Казакстан аркылуу 2 миллион контейнерге чейин ташуу пландалып жатат. Өткөн жылы 534 миң ташылган. Мындан тышкары, республиканын жол картасын өнүктүрүү боюнча иш улантылууда.  "Нурлуу Жол" программасынын алкагында 2,5 миң чакырым курулган жана реконструкцияланган. Ошондой эле,  6 миң километр жол оңдоодон өткөн.