Казакстан-АКШ: Агрардык тармактагы кызматташуу

Казакстан менен Америка Кошмо Штаттарынын кызматташтыгы көптөгөн чөйрөлөрдү камтыйт. Агро тармакта кызматташуу - маанилүү багыттардын бири. Бараев атындагы Дан чарбанын илимий-өндүрүштүк борборунун адистери АКШ кесиптештери менен тажрыйба алмашышты. Америкага болгон иш сапардын жүрүшүндө Небраска университети менен агрардык илим тармагында  кызматташтык орноду. Мындан тышкары, тамчылатып сугаруу жаатында дүйнөнүн алдыңкы компанияларынын бири менен макулдашуулар түзүлдү. Алар илимий борбордо акыркы үлгүдөгү заманбап 3 бирдей тамчылатып суугаруу жабдыгын орнотот. Жаңы агрегат өнүмдүүлүктү арттырып, сууну үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Инвестициянын жалпы көлөмү 200 млн теңге.

КЕНЖЕ АБДУЛЛАЕВ, А.БАРАЕВ АТЫНДАГЫ АШГӨО БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Биз сугат тажрыйбасын алмашабыз. Алардын жаңы технологиялары бизде колдонулуп баштайт. Бул маселелер эки тарап менен макулдашылды. Ошондой эле, биз адистерди даярдоо боюнча да келиштик. Тактап айтканда, казакстандык адистер АКШдан окуутан өтүшөт, алардыкы бизге келишет.

Фото: agbz.kz