Төөнүн сүтүнөн балмуздак

Төөнүн сүтүнөн балмуздак

Төө сүтүнөн балмуздак. Кызылордолук ишкер ушундай өзгөчө, пайдалуу онүм өндүрө баштады. Заводдо күнүнө 7 түрдүү балмуздак өндүрүлөт. Даамдуу десертке суроо-талап да жакшы болууда.

БАЯН ДҮЙСЕНБЕКОВА, ТЕХНОЛОГ:

- Майлуулугу 6 пайыз болгон балмуздак чыгарабыз. Анын пайдасы өтө зор. Бул бир гана салкындатпастан, ал тоюмдуу. Башкача айтканда, бир жеген адам тоюп калгандай сезет. Азыркы тапта атайын балмуздак үчүн төөнүн сүтүнө суроо-талап жогору болуп жатат.

Бүгүнкү күндө ишкана балмуздакты өндүрүүнүн кубаттуулугун көбөйтүү боюнча бизнес-план иштеп чыгып, ишкерлердин облустук палатасына сунуш кылган. Жалпысынан ишкана 3 жыл мурун ачылган жана күнүнө 400 литр шубат чыгарчу. Быйылкы жылы мамлекеттик программалардын алкагында цех кеңейтилип, өндүрүлгөн өнүмдүн көлөмү күнүнө 2 тоннага жетти. Негизинен уй сүтүнөн жана төө сүтүнөн курут, быштак, сыр, айран, шубат, йогурт сыяктуу сүт азыктарынын 8 түрү даярдалат.

САБЫР ЕРМАХАНОВ, ИШКЕР:

- 750 төө багып жатабыз. 285 уй, 150 жылкы бар. Таза өнүм болгондуктан суроо-талап көбөйүп жатат. Ошондуктан биз малдын санын көбөйтүп, өнүмдү жылдан жылга кеңейтип жтабыз.

Ишкана келечекте өндүрүштү жана сатып өткөрүү рыногун кеңейтүүнү, чыгарылуучу өнүмдүн ар түрдүүлүгүн көбөйтүүнү пландайт.

Фото: karasayinfo.kz