Түркестан 200 тонна айыл чарба өнүмүн экспортко жөнөттү

Түркестан 200 тонна айыл чарба өнүмүн экспортко жөнөттү

Түркестан облусунда эрте жазда эгилген жашылча жемиштерден 7 миң тонна өнүм жыйналып, алардын ичинен 200 тоннадан ашыгы экспортко жөнөтүлдү. Жалпысынан анда 175 миң гектар жерге жайкы жемиштер эгилген. Анын ичинде жашылчанын үлүшү 19,2 миң гектарды ээлейт. Ал эми бакча жемиштери 15 миң гектардан ашат. Эл картошканы керектөөдөн ашык колдонгондуктан 9,5 миң гектар аймакка кошумча эгилди. Азыр ал казылып жыйналууда.

СЕЙИТЖАН АЗБЕРГЕНОВ, АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

Атап айта турган болсок, Москвага, Новосибирскке, Пермь шаарларына жөнөтүлдү. Калган өндүрүмдөр өзүбүздүн ички суроо- талапка ээ болгон Нур-Султан, Алматы шаарлары менен түндүк аймакка жиберилүүдө. Жалпысынан бакча жемиштеринен 1 млн 200 тоннадан ашык түшүм жыйноо пландалган.

Азыр Жетисайда кара өрүктү жыйноо кызыган чагы. 20 гектар аянтка себилген кара өрүктөн гектарына 30-35 тонна түшүм алынууда. Жай деп аталган бул сортко кызыгуу жакшы, дейт агроном Ерлик Шора уулу. Кара өрүк азыр Нур-Султан, Алматы шаарларына жиберилүүдө. Өткөн жылы дал ушул өрүктүн түрү Орусиядан ары көздөй кеткен.

ЕРЛИК САДИБЕКОВ, АГРОНОМ:

- Биздин негизги милдет – ички рынокту жашылча-жемиш менен камсыздоо болуп саналат. Бизде ар дайым жумуш бар. алгач өрүк чогулттук, андан соң кара өрүк, эми алма жана жүзүм чогултабыз.

Дыйкан Канат Иманкулов дарбыз өстүрүү менен алектенет. Чарба башчысынын айтуусунда, ушул жайда түшүмдүүлүк күтүлгөндөй мол болду. Бир гектардан 30 тоннага чейин мөмө жыйналды. Даамы таттуу жана ширелүү. Ошондой эле, ден соолук үчүн кооптуу эмес, дейт жергиликтүү дыйкандар. Казакстандын дарбыздары жергиликтүү базарда пайда болууда, эми өнүм коңшу өлкөлөргө жиберилет.

КАНАТ ИМАНКУЛОВ, ДЫЙКАН:

- Дарбыздын ордуна экинчи түшүмгө буудай эгебиз деген ниетибиз бар. азыр 1 гектарда помидор өсүп жатат. Мунун да бышуусуна аз калды. Бул жылы аба ырайы да жакшы болду.

Аймакта азыр коон-дарбыз, мындан тышкары базаларда өстүрүлүүчү продукциянын бир нече түрү бышып жетиле баштады. Алардын басымдуу бөлүгү чет мамлекеттерге сатылат. Андан артканы ички рынокто сатылат. Өткөн жылы облустан өндүрүлгөн 500 тонна Орусияга, Беларусь, Латвияга продукция жөнөтүлгөн.

Фото: inbusiness.kz