Актөбөдө африкалык жаян балыгы өстүрүлүүдө

Актөбөдө африка жаянын өстүрүүчү уникалдуу өнөр жай ишканасы курулууда. Бүгүнкү күндө суу тазалагыч, майда чабак, инкубация цехтери жөнгө салынды. Заводдун эң чоң аймагын борго байлоо аянты түзөт. Бул жерде жай мезгилинин соңуна чейин 250 кубометр суу бата турган 30 бассейн салуу мерчемделген. Аларга чоңоюп калган балыктар атайын канал аркылуу кошулуп турат. Дал ушул жерден товардын бир бөлүгү сатууга, калгандары кайра иштетүүгө кетет.

ГАЙК ТЕРТЕРЯН, ИШКЕР:

- Бул консерва болот, эттүү жери, балдардын тамагы катары да колдонсо болот.

Деликатес балыгынын санынын көбөйүшү менен чет элдик адистер алектенет. Алардын айтымында, жабык суу менен камсыздоо технологиясы даяр өнүмдүн чыгуу мөөнөтүн азайтат. Аны менен катар сапаты да мыкты бойдон сакталат.

Судан жаяны тамак тандабайт, жыты да жок. Абдан пайдалуу жана тез салмак кошот. Чабактан 6 айдын ичинде 1,5 кг балык өсүп чыгат. 

РОМАН СЫРКИН, ИХТИОЛОГ:

- Бул балык спорт менен машыккандарга эле эмес, бардык эле адамдарга пайдалуу. Анын өсүү темпи тез болгондуктан, өздүк наркы кадимки балыктан арзан. Ал бир дагы медикаментсиз өсүп чоңоёт.

Демилгенин авторлору ишкананын жылдык кубаттуулугун 1500 тоннага жеткирүүнү көздөшүүдө. Ушул күзүндө өнүмдүн биринчи партиясы базарга чыгат. Келечекте – өндүрүмдү экспортко чыгаруу планы бар. 

ГАЙК ТЕРТЕРЯН, ИШКЕР:

- Биринчи кезекте актөбөлүктөрдү камсыздайбыз. Андан соң бүтүндөй Казакстанды. Келечекте эл аралык рынокко чыгабыз деп ойлойм.

Белгилей кетсек, африка жаяны – багууга оңой жана даамдуу келет. Анын пайдалуу касиеттер тоңдурулса да жоголбойт.

Фото: izh.kp.ru