Doing Business-2019: Казакстан 28-орунга ээ болду

Doing Business-2019: Казакстан 28-орунга ээ болду

Казакстан бизнес жүргүзүүгө эң ылайыктуу болгон дүйнөнүн 30 өлкөсүнүн катарына кирди. Өлкө 190 мамлекеттин ичинен 28-орунга жайгашты. Мындай изилдөөнүн жыйынтыгын дүйнөлүк банктын “Doing business-2019” улуттук рейтинги жарыялады. Баянда республиканын бардык аймактарында ишкердик жүргүзүү ынгайлуу жана женил экендиги айтылат. Көрсөткүчтөрдүн бардык жагынан Алматы лидерликти камсыздады.  Жалпысынан көз карандысыз серепчилер 4 багыт боюнча анализ жасап, баасын беришти. Бул - ишканаларды каттоо, курулушка уруксат алуу, электр менен камсыздоо тутумуна кошулуу жана кыймылсыз мүлктү каттоо.

РИТА РАМАЛЬО, ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ГЛОБАЛДЫК ИНДИКАТОР ДЕПАРТАМЕНТИНИН ЖЕТЕКЧИСИ:

- «Дуинг бизнес» доклады үчүн Казакстандын 16 аймагын изилдедик. Биз бизнес субъекттерин жөнгө салуу системасына баа бердик. Биз жакшырганын көрө алдык. Бул жакшы нерсе.

Фото: silkroadnews.org