Экономиканын реалдуу тармагындагы инвестициялар

Жапония делегациясы Казакстанга өлкөнүн инвестициялык абалын иликтөө үчүн келет. Алар Нур-Султан, Алматы жана Атырауга барууну пландашууда. Жапониянын ири корпорация өкүлдөрү атамекендик ишкерлер менен так бизнес долбоорлорду талкуулоого кызыктар.

ЕРЛАН БАУДАРБЕК-КОЖАТАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ЖАПОНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Элчилик өнөр жай тармагына инвестиция тартууга өзгөчө көңүл буруп келет. Ушул максатта үстүбүздөгү айдын аягында биз тараптан жогорку технологиялуу компаниялардан бизнес-миссия жиберилет.

Казакстандын транзиттик дарамети жана дүйнөлүк логистикалык картада ыңгайлуу жайгашуусу албетте чет өлкөлүк инвесторлорду өзүнө тартат. Технологиялары менен бөлүшүүгө даяр компаниялар үчүн артыкчылыктар жана салык жеңилдиктери каралган.

НОБУО ЯГИ, «METAL ONE» КОМПАНИЯСЫНЫН МҮДҮРҮ:

Биздин компаниялар болот жана металл өнүмдөрүн сатуу менен алектенет. Болот конструкцияларын чыгарган биздин өнөктөш Казакстанда ишке киришти жана азыр ишмердүүлүктү кеңейтүү маселеси каралууда. Биз үчүн Казакстан рыногу жаңы. Ошондуктан алдыдагы сапар учурунда биз инвестициялык абал тууралуу кеңири билгибиз келет.

Кызматташуунун бир нече жыл аралыгында Казакстан менен Жапония ар кайсы тармактарда жакшы натыйжаларга жетишти. Статистикага ылайык, өлкөлөрдүн ортосундагы товар жүгүртүү 2018-жылы 2 миллиард долларга жеткен. Ал эми Казакстандын чет өлкөлүк инвестицияларынын түзүмүндө жапон капиталынын үлүшү 400 миллион АКШ долларын түздү. Мындан сырткары, акыркы беш жылда казак экспорту эки эсе өсүп, бүгүнкү күндө ал жапон импортуна караганда көбүрөөк. Белгилей кетсек, казакстандык компаниялар тарыхта биринчи жолу Жапонияга сафлор майын жана накта бал сатып башташты.