Казакстанда «Solar Fest Qazaqstan» эл аралык ишкердик фестивалы өтөт

Казакстанда «Solar Fest Qazaqstan» эл аралык ишкердик фестивалы өтөт

Ушул жылдын теке айынын 4-5де Бурабайда «Solar Fest Qazaqstan» эл аралык ишкердик фестивалы өтөт. Күн энергетика тармагынын бардык катышуучуларынын башын бириктире турган уникалдуу аянтта инвесторлор, каржы жана илимий институттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана ушул багытта орнотмолорду чыгара турган өндүрүүчүлөр орток маселелердин чечимин издешет. Катышуучулар тармакты өнүктүрүүгө тиешелүү өз ойлору менен бөлүшүп, күн энергетикасы боюнча колго алынган долбоорлорун көпчүлүккө тааныштырат. Ошондой эле, альтернативалык энергия булактарын колдонуунун жаңы куралдары сунушталат деп көздөлгөн. Уюштуруучулар ушул аркылуу өлкөнүн кайра жанма энергия булактар тармагы боюнча жетишкен ийгиликтерин көбөйтүп, мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну мерчемдеп жатышат.

КАЛИЯ ХИСАМИДИНОВА, КАЗАКСТАНДЫН КҮН ЭНЕРГЕТИКАСЫ АССОЦИАЦИЯСЫНЫН МҮДҮРЛӨР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ:

- Азыркы тапта рынок катышуучуларынын баары бирдей ушул тармакка тиешелүү жаңылыктарды биле беришпейт. Ошондуктан бирдиктүү маалыматтык система калыптандыруу керек. Керек болсо, аукциондорго бара тургандардын өзүн колдоо шаймандарын коё туруп, соода-сатык кандай эрежеге ылайык өтөрүн билбей жатышат. Өлкөбүздө кайра жанма энергия булактарына тиешелүү долбоорлордун экономикалык эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн бир катар колдоо чаралары колго алынган. Мисалы, бажы салыгынан бошотууну алалы. Бүгүнкү күндө көбү бул үчүн эмне кылуу керектигинен бей кабар.

Казакстан «жашыл» экономикага өтүү концепциясын ишке ашырууда альтернативалык энергия  булактарын өнүктүрүүгө басым берип келет. Өткөн жылы өлкөдө биринчи жолу кайра жанма энергия булактарынын аймактык аукциону өткөрүлдү. Соодага кубаттуулугу 1 гигаватты түзгөн гидроэлектростанциялар, күн жана шамал өнүмү коюлду. Анын 804  мегаваты инвесторлордун колуна өттү. Алар өз кезегинде бөлүштүрүлгөн өнүмдү өлкөнүн керегине жаратуу үчүн электр станцияларын салышат.

АЙНУР СОСПАНОВА, РКнын ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН ДЕПАРТАМЕНТ ДИРЕКТОРУ:

- Аукциондорду тарифтердин баасын төмөндөтүү жүйөөсүн негизге алып уюштурдук. Бул жагынан алып караганда күн, жел жана суу электростанциялары боюнча олуттуу ийгиликке жетише алдык. Орточо эсеп менен алганда күн кубаты 30, ал эми жел энергиясынын баасы 12 пайызга арзандады. Эң максималдуу төмөндөө күн энергиясында 48, ал эми гидростанциялар боюнча 25 пайызга чейин түштү.

Үстүбүздөгү жылы аймактык аукциондор менен катар долбоорлор боюнча да соода-сатык уюмдаштырылат. Ошентип, инвестициялык коркунуч деңгээлин төмөндөтүп, баштапкы кезиндеги эмгек чыгымын азайтуу көздөлгөн. Тактап айтканда, аукционго кубаттулуугу 50 мегаватты түзө турган күн электр станциясы чыгарылат. Соодага коюлган долбоорду Түркестан облусунда жүзөгө ашыруу болжолдонууда. Долбоордун аукциону БУУнун Өнүгүү программасынын колдоосу менен өтөт.

СЫРЫМ НУРГАЛИЕВ, ДОЛБООР МЕНЕДЖЕРИ:

- Долбоордун аукцион алкагында алдын ала техникалык документтери даярдалат. Ошондой эле, белгиленген энергия боюнча сунуштар жасалат. Кайра жанма энергия булактарын ишке кошуп, кардарга бөлүштүрүү жагы чечилет деп күтүлүүдө. Бүгүн курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин аныктоо үчүн инженердик-геологиялык чалгындоо менен катар археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Серепчилердин пикиринде, альтернативалык энергия булактарын ушул жагынан кароо мыкты эл аралык тажрыйбалардын талаптарына жооп берет. Ошондой эле, жашыл саясатты колдоо боюнча Казакстандын кадыр-баркын жогорулатат.

Фото: inform.kz