Казакстан менен Германиянын кызматташтыгы

Казакстан менен Германиянын кызматташтыгы

Казакстан менен Германия эки жактуу карым-катнашты кеңейтүүгө кызыктар. 27 жылдан бери эки өлкө көптөгөн тармактарда кызматташтык орнотту. Айыл чарба, машина куруу жана альтернативалык энергетика багыттарында өнөктөштүк жолго салынды. Берлинде түзүлгөн Казакстан менен Германиянын ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрө турган уюм буга далил.

Немис ишкердик коом өкүлдөрүнүн айтымында, туруктуулук менен ыңгайлуу инвестициялык абал Казакстанды чет өлкө инвесторлору үчүн тартымдуу өлкөгө айландырган.

Белгилей кетсек, Германия өлкөнүн экономикасына болжол менен 8,5 миллиард доллар салган. Бул багытта инвестициялардын 90 пайызы чийки заттык эмес тармакка багытталган.

ЕРМЕК КӨШЕРБАЕВ, РК ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Өткөн жылдын аягында Тышкы иштер министрлигине жаңы функциялар берилген. Бул инвестицияны тартуу жана экспортту алдыга жылдыруу. Тапшырмалардын биринде Эл башыбыз үч мамлекетти, жалпы ири мемлекеттерди белгилеп өттү. Ал АКШ, Жапония жана Германия, жогорку технология жана  өнөр жайы бар өлкөлөр. Жаңыдан чыккан технологияларды өз өлкөбүзгө тартуу: ошол өлкөлөрдөн инвестицияларды тартуу. Немис ишкерлерин тартып, коомдук демилгелери менен түзүлгөн ушундай платформалар Казакстанга келип, иштөөгө кызыктар болгон ишкерлердин катарын көбөйтүүгө таасир берет. Ушундай платформалар бизнес коомго жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.  

КРИСТИАН ГРОССЕ, DEKAF БАШКЫ КАТЧЫСЫ:

- Германия менен Казакстандын ортосундагы эки жактуу мамиле акыркы жылдары жигердүү өнүгүп келе жатат. Эки өлкөнүн кызматташтык аймагын кеңейтүүгө боло турган дагы да көптөгөн тармактар бар. Мисалы, санариптештирүү менен билим берүү тармагында Германиянын тажрыйбасы мол. Жогорку даражадагы чараларды уюштуруп, Казакстанды белгилүү кылабыз. Биздин коомдун жардамы менен экономикалык жана маданий байланыштарыбызды биз жаңы бийиктикке чыгарабыз.

Фото: atameken.kz