Туристтик мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу

Туристтик мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу

Казакстанда туризм тармагынын кызматкерлерине жооптуу милдеттер жүктөлдү. Алдыдагы жети жылда өлкөдөгү туристтердин санын жылына 15 миллион адамга, ал эми инвестиция көлөмүн 2 триллион теңгеге жеткирүү мерчемделген. Ушул максатта ар бир чөлкөмдө туризм тармагын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча тиешелүү жумуштар колго алынды. Мисалы, Кызылордо облусунда үч долбоорго басым берилет. Анын ичинде, санаторий-курорттук дарылооо жана кум жээк эс алуусун, «Байкоңур» космодромун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор бар.

АЛДАБЕРГЕН ИСАЕВ, «КАМЫСТЫБАС» АЙЫЛДЫК КЕРЕКТӨӨЧҮЛӨР КООПЕРАТИВИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Бул жерде агротуризм, этнографиялык, тарыхый туризмди өнүктүрүүнү көздөйбүз. Маалыматтык кызматтарды көрсөтүп, көңүл ачуучу саамалыктарды өткөрөбүз. Мисалы, сууда жана ат үстүндө сейилдөө сыяктуу эс алуу түрлөрү бар. Келүүчүлөрдү Камбаш көлүнүн дарылык касиети кызыктырат. Туристтердин саны өсүүдө. Кышкы туризмди өрчүтүү да мерчемде бар.

МУХТАР ОРАЗБАЕВ, АРАЛ РАЙОНУНУН АКИМИ:

- Логистикалык борборду түзүү мүмкүнчүлүгү бар. Район аркылуу «Батыш Европа – Батыш Кытай» эл аралык транспорттук коридору жана «Саксаул-Жезказган» темир жолу өтөт. Бул туристтик тармакты өнүктүрүүгө бир нече артыкчылыктарды берет.

Ал эми Маңгыстоо облусунда ири туристтик комплекстин пайдубалы түптөлдү. Актаудагы наркы 57 миллиард теңгелик инвестициялык долбоор 2020-жылга чейин ишке ашышы керек. Мерчем боюнча, бул жерде аквапарк менен спорт аянттары жасалат, ошондой эле, Конгресс-холл курулат.

ХУСЕЙН СЕЛЬЧУК ЙЕЛКЕН, ДОЛБООРДУН КООРДИНАТОРУ:

- Бүгүн ири туристтик комплекстин капсуласы салынды. Анын жалпы аймагы 2 миллион 270 миң чарчы метрди түзөт. Комплекс Актаудан 20 чакырым алыс жерде жайгашат. Курорттук аймактын курулушу 5 кезеңден турат. Бул жерде 500 номурдан турган ири конок үй комплекси болот, анын ичинде 40 номер люкс, 60 бунгало. Ошондой эле, Казакстандагы эң ири аквапарк, балдарга арналган жана спорттук аянттар салынат, гольф ойной турган аймак, суу ысыта турган чоң көлмөлөр жасалат.

Быйыл өлкөнүн чыгышына келе турган туристтердин саны 1,5 миллиондон ашуусу толук мүмкүн. Ата мекендик жана чет өлкөлүк саякатчылар Буктырма суу сактагычына кызыгып жатышат. Жергиликтүү жашоочулар кум жээкти курорттук аймакка айландыруу керек дешет. Ишкерлердин пикиринде, расмий макам берилсе, аймакка инвестиция тартууга жана туризм тармагын өрчүтүүгө болот. Азыр Алтай районунда 120дан ашуун эс алуу аймагы бар. Акыркы беш жылда бул аймакта 42 жаңы база салынды, дагы төртөөнүн курулушу жүрүп жатат.

МАРАТ КАБАКОВ, ЧКО ТУРИЗМ ЖАНА ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Үстүбүздөгү жылы Өкмөт туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаны кабыл алууну мерчемдеп жатат. Ал жерде топ-10го жана топ-50гө кире турган туристтик аймактар аныкталат. Алар өзгөчө көзөмөлгө алынат. Былтыр топ-10го Алакөл кум жээги, топ-50гө Буктырма суу сактагычы киргизилген.

Мамлекеттик колдоо чаралары жайкы жана кышкы эс алууну өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми туризм тармагы Казакстан экономикасынын драйверине айланышы керек, дешет адистер.

Фото: bnews.kz