Казакстан менен Орусиянын кызматташтыгы

Казакстан менен Орусиянын кызматташтыгы

Орусия Казакстандын ишенимдүү соода өнөктөштөрүнүн бири катары кала берет. 2018-жылы эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода-сатык 17 миллиард АКШ доллардан ашкан.

Бүгүнкү күндө Актөбө облусунун ишкерлери коңшу өлкөнүн рыногуна чыгып, өнөктөштүк карым-катнаш орноткон. Азыркы тапта аймакта 700дөн ашуун чет өлкөлүк мекеме иштейт. Анын ар бир экинчиси – орусиялык капиталдын катышуусу менен курулган. Оренбург облусу менен өз ара эффективдүү байланыш бекемделүүдө. Эки мамлекеттин өндүрүүчүлөрү «Оренбург – Евразиянын жүрөгү» аттуу эл аралык форумдун алкагында өтө турчу «Казакстанда жасалган» экинчи соода-өнөр жай жарманкесинде экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтүүнү сүйлөшүшөт. Иш-чара тогуздун айында өткөрүлөт.

АЛМАС САЛЫКБАЕВ, МААЛЫМАТТАШТЫРУУ ЖАНА ТЫШКЫ БАЙЛАНЫШТАР БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча экспорт көлөмү бир жарым миллиард долларга жакындады. Өлкөбүздөн металл кени, хром концентраты сырткы өлкөлөргө чыгарылат. Ал эми азык-түлүктүн кээ бир түрлөрү, жыгач, курулуш материалдары импорттолот. Актөбө аймагы Оренбург облусу менен ортодогу маданий, коомдук-экономикалык байланыштарды мындан ары күчөтүшөт.

Орусия менен чек аралаш аймак – Павлодар облусу да Орусия менен бирге Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрү менен кызматташтыкты бекемдөөдө. Айрыкча Орусиянын каустикалык соода жана хлор-шакар өндүрө турган ишканаларынан суроо-талап жогору. Өлкөдөгү ысытылган мунай коксунун да экспорттук мүмкүнчүлүктөрү чоң. Бул эки өндүрүш тең «Павлодар» атайын экономикалык аймагында жайгашкан. Жакында экспортко багытталган дагы эки ишкананы ишке кошуу мерчемделген – бул кошмо автоунаа дисктерин чыгарган жана алюминийден фольгалар менен профилдерди жасай турган заводдор.

АЙБЕК ТУРСЫНГАЛИЕВ, «ПАВЛОДАР» АТАЙЫН ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАГЫ БК» БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Өндүрүлгөн өнүмдүн 40 пайызы экспортко багытталат. Биз жыл сайын тышкы рынокко чыгара турган өнүм түрлөрүн көбөйтүп турабыз. Бүгүнкү күндө 16 түрдүү товар экспорттолот. Керектөөчүлөргө келе турган болсок, алар Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөр. Биздин негизги шериктешибиз – Орусия. Анткени өнүмдүн 80 пайызы ушул өлкөгө жөнөтүлөт. 

Азыр суюк отун өндүрүшүнө керектүү аралашмалар менен химиялык реагенттерди чыгара турган заводдун курулушун баштоо үчүн Италиянын трансулуттук компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Кубаттуу долбоорго салына турган инвестиция көлөмү 2,5 миллиард теңгени түзөт.

Фото: prm.ua