Казакстан атаандаштыкка туруктуу өлкөлөрдүн рейтингинде 34-орунга көтөрүлдү

Казакстан атаандаштыкка туруктуу өлкөлөрдүн рейтингинде 34-орунга көтөрүлдү.

Мындай маалыматты швейцариялык Эл аралык менеджментти өнүктүрүү институту жарыялады.

Казакстандан кийин турган 29 өлкөнүн ичинде Италия, Испания, Түркия жана Орусия бар.

Рейтингдин биринчи ондугуна Швейцария, Бириккен Араб Эмираттары, Нидерланды, Ирландия, Дания, Швеция жана Катар кирген. Ал эми эң төмөнкү тепкичте Венесуэла жайгашкан.

Белгилей кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Казакстан алдыда турат. Орусия – 45, Украина 54-орунда.

2019-жылкы изилдөөлөр 63 мамлекетте жүргүзүлгөн. IMD рейтинги атаандаштыкка туруктуулук деңгээлин аныктоо үчүн дүйнө өлкөлөрүнүн инфраструктуралык өнүгүү көрсөткүчтөрүн негизге алган.

Эскерте кетсек, Казакстан 2030-жылга карай дүйнөнүн өнүккөн алдыңкы 30 мамлекеттин катарына кирүү максатын койгон.

Фото: politring.com