Алакөл көлүнө 2 миллиондон ашуун туристтин келиши күтүлүүдө

Алакөл көлүнө 2 миллиондон ашуун туристтин келиши күтүлүүдө

Быйыл Казакстандын бермети болгон Алакөл көлүнө 2 миллиондон ашуун туристтин келиши күтүлүүдө. Бул адистердин божомолдоосу. Эс алуучуларды тартуу жана алардын санын көбөйтүү үчүн аймакта инфраструктураны жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер өткөрүлүүдө. Наркы 24 млрд 300 млн теңгелик жети ири долбоорду ишке киргизүү иштери жүрүп жатат. Акыркы жылдары Алакөлдүн жээгинде эки жүздүн тегерегинде  туристтик имарат пайда болду. Быйылкы жылы дагы 15 обьект ачылат. Анын ичинде жаңы ден соолукту чыңдоочу комплекстер бар. Алар чет элдик инвестициянын эсебинен курулуп жатат.

ДУЛАТ АСЫЛБЕКОВ, ИНВЕСТОР:

- Курулуштун жалпы аянты 4800 чарчы метр. Анын турушу 4,5 млн долларга бааланууда. Жалпы 48 бөлмө болот деп пландап жатабыз. Бир убакта бул жерге 150 бейтап жана эс алуучу батат.

Эс алууну уюштуруу курорт жана туризм адистеринин бирден бир маанилүү кызматы. Аймакка саякатчыларды тартуу стратегиясынын бири массалык оюн-зоок иш-чарасын өткөрүү болуп саналат.

АРМАН АХМЕТКАЛИЕВ, ИНВЕСТОР:

- Биздин ар түрдүү казакстандык жана эл аралык фестивалдарды өткөрүү боюнча долбоорлорубуз бар. Анын наркы 200 млн теңгени түзөт. Толугу менен ишке ашыруу 2019-2020-жылдарга пландалып жатат.

Туристтерге ыңгайлуу болуусу үчүн Алакөл көлүнө жакын жердеги Жалаңашкөл темир жол станциясы жакшыртылды. Нур-Султан, Алматы жана Талдыкоргондон түз авиа менен темир жол кызматтары иштейт. Мындан тышкары 300 млрд теңгени түзгөн жолду оңдоо боюнча ири долбоор ишке ашырылып жатат. Өткөн жылы 102 чакырымдык иш аткарылды. Быйылкы жылы аны аяктоо үчүн 265 чакырымдык жумуш жүргүзүлөт.

УЛАН АЛИПОВ, «КАЗАВТОЖОЛ» УЛУТТУК ИШКАНАСЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Калбатау айылындагы жерде 120 чакырымын аяктап жатабыз. Албетте жумуш иштери жүрө берет, бирок кыймылдын өтүүсүнө мүмкүн болот. Ошону менен катар «Калбатау – Майкапшагай» жолунун 135 чакырымында оңдоо иштери улантылат. Биринчи кезекте жумуштар өтө зарыл жерлерде жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, акыркы 2 жылда аталган аймакка 5 млрд теңгеден ашык каражат сарпталды. Бул убакыт аралыгында туристтердин агылуусу 2,5 эсеге көбөйдү. Ал эми кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 6 млрд теңгеге жетти.

Фото: today.kz