Батыш Казакстанда акыркы үлгүдөгү эт комбинаттары көбөйө баштады

Батыш Казакстанда акыркы үлгүдөгү эт комбинаттары көбөйө баштады

Казакстандын батыш аймагында заманбап мал союу комплекстери көбөйүп жатат. Бул жергиликтүү чарбачылыктардын мал чарбасы менен жигердүү алектенүүсүнө жол ачат. Өз учурунда, эт өнүмдөрүнүн экспорту да көбөйөт. Белгилей кетсек, былтыр аймак чарбачылыктары 2,5 миң тонна уй этин чет өлкөгө саткан. Ал эми кой этинин экспорту 634 тоннадан ашкан. Аккозы айылындагы бул мал союу комплекси ири кара мал менен кой алып келди. Комплекстин кубаты ар бир нөөмөттө 30 баш ири кара мал менен 200дөй кой союуга жетет.

НУРБОЛ БОЗОВ, КАРАТӨБӨ РАЙОНДУК АЙЫЛ ЧАРБА БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Айыл аймактарда чакан эт комбинаттарын ачуу – кирешелүү иш. Биздин эт комбинатыбызга мал бир гана чарбачылыктардан эмес, бардык аймактардан алып келинет. Ошондой эле, бул жерде эттер сатуучуга ыңгайлуу болушу үчүн вакуум жолу менен таңгакталат. Өткөн жылы ишканага 200 баш үчүн кошумча линия белгиленди.

Былтыр Каратөбөлүк чарбачылыктар биринчи жолу козу этин экспорттоду. Бир гана ушул комплекске караштуу чарбачылыктын өзү 10 тонна кой этин коңшу өлкөлөрдүн рыногуна чыгарган. Жаңы желенин пайдалуу жактары көп. Район чарбачылыктарына тапшырылган ар бир баш үчүн субсидия төлөнөт. Бул жеке жашоочулар үчүн да, чарбачылыктарга да абдан пайдалуу, дешет адистер.

КОНЫС МУКАНОВ, АККОЗЫ АЙЫЛДЫК ОКУРУГУНУН АКИМИ:

- Мамлекет тарабынан ири кара малды өстүрүү менен алектенген фермерлерге колдоо көрсөтүлүп келет. Асыл тукум мал чарбачылыкты өрчүтүү үчүн аларга атайын субсидиялар бөлүнөт.

Комплекс кызматына суроо-талап болгондуктан, азыркы 200 башка арналган малды борго байлап семиртүү аянты аздык кылып жатат. Ошондуктан, келечекте ушул мал союу комплексинин жанынан миң башка арналган жаңы борго байлап семиртүү аянтын салуу мерчемделүүдө. Ал эми союлган мал эти ушул жерде иштетилип, тоңдурулган абалда керектөөчүгө жеткирилет.

КУСАЙЫН МУКАНОВ, ЧАРБАЧЫЛЫК БАШЧЫСЫ:

- Биздин этке болгон суроо-талап абдан жогору. Эт мурдагыдай балта менен чабылбайт. Негизинен биздин өнүмдү ашканалар үчүн сатып алышат. Алдыдагы планда эттерди чет өлкөгө чыгарып, өзүбүздүн жеке малды борго байлап семиртүү комплексин куруу бар. Жем чыгарууну колго алып, азык-жемдик өсүмдүктөрдү эгүүнү көздөп жатабыз.

Аймакта тоңдурулган эт Орусия, Армения, Иран жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн рыногуна багыт алат. Жыл аягына чейин 3000 тонна уй эти менен 800 тонна кой этин экспорттоо мерчемделип жатат.

Фото: bossagro.kz