ЕАЭБ тармагындагы Алматынын ролу

ЕАЭБ тармагындагы Алматынын ролу

Алматы республиканын эле эмес, Евразиялык экономикалык биримдиктин ишкердик борбору деп аталат. Бул жерде негизги каржы институттары жайгашкан. Бардык соода-сатыктар ушул жерде жүргүзүлөт. Ошондой эле, өлкөнүн чакан жана орто бизнесинин үчтөн бир бөлүгү жайгашкан. Адистердин баамында, келечекте да Алматы ЕАЭБдин маанилүү аймагы бойдон кала берет. 

ВЯЧЕСЛАВ ДОДОНОВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ КИСИНИН БАШКЫ УЛУТТУК КЫЗМАТКЕРИ:

- Алматы - жалпы аймактык өнүмдүн 20 пайызы туура келген Казакстандын эң ири шаары. Эң алды менен биздин шаардын экономикасынын түзүлүшү жалпы казакстандыкынан бөлүнүп турганы менен айырмаланат. Алматы каржы борбору иретинде кошумча артыкчылыктарга ээ.

Казакстандын ЕАЭБде товар алмашуусунун 27 пайызы дал ушул Алматы шаарына туура келет. Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын биринчи кварталында соода жүгүртүү 5 млрд 200 млн долларды түздү. Бүгүнкү күндө мамлекеттин колдоосу менен жаңы ишканаларда элдин суроо-талабына ылайык товарлар экспортко чыгууда. 

ДАУЛЕТ АСЫЛБЕКОВ, АЛМАТЫ ШААРЫНЫН “АТАМЕКЕН” МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫНЫН ТАЛДОО ЖАНА САТУУ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Экспорт үчүн расмий статистиканы алсак, Алматыдагы компаниялардын негизги бөлүгүн мунай жана мунай өндүрүштөрү түзөт. Андан кийин кондитер азыктарынан какос, кант, суусундуктар турат.

Жигердүү экономика ишкердик туризмин өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизип жатат.  Өткөн жылы шаардагы 300дөй мейманкана менен жатаканалар 2 млн чет элдикти кабыл алган. Анын көпчүлүгүн ЕАЭБ мамлекеттери түзүп, шаардын бюджети 25 млрд теңге менен толукталды.

ВЯЧЕСЛАВ ДОДОНОВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ КИСИНИН БАШКЫ УЛУТТУК КЫЗМАТКЕРИ:

- Алматы туризмдин борбору катары өзүнүн өзгөчөлүгүн сактап келет. Чет элдик туристтер үчүн визалык режим жоюлган. Бул биринчи кезекте ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн.

Серепчилердин пикиринде, Алматынын ролу өзгөчө. Алардын баамында экономикалык биримдиктин ийгиликтүү алгачкы бештигине кирет. ЕАЭБ өлкөлөрү аймакта эркин жана ыңгайлуу соода алмашуу үчүн шарттарды түзүү иштерин улантыш керек.

Фото: zakon.kz