Казакстан эт экспортун көбөйтөт

Казакстан Иран, Бахрейн, Кыргызстан, Өзбекстан өлкөлөрүнө эт экспортун көбөйтөт. Ушул багытта Жамбыл облусу кой этин сыртка жөнөтүү боюнча көч баштап турат. Өткөн жылы өлкөдөн 3800 тонна кой эти чет өлкө рыногуна чыгарылса, анын 44 пайызы ушул чөлкөмдүк товар өндүрүүчүлөрдүн үлүшүндө. Эми быйыл өнүм көлөмүн 2 миң тоннага жеткирүү көздөлүп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин 900 тоннага жакын уй жана кой эти экспорттолгон. Аймактын ушул багыттагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында аймакта атайын программа кабыл алынган.

БАЛЖАН ЫСКАКОВА, ЖАМБЫЛ ОБЛУСТУК АЙЫЛ ЧАРБА БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

- 2018-2027-жылдарга «Сыбага» программасынын алкагында облусубузда индикативдүү көрсөткүчтөр белгиленип, ошол жылдардын аралыгында 36 миң баш ири кара малды чет өлкөдөн алып келүү мерчемделүүдө. Ушул жылы 4 миң баш киргизишибиз керек. Ири кара мал боюнча бизде 26 мал борго байлап семиртүү аянты бар. Алардын жылдык кубаты 30 миң баштан ашат.

Алматы облусунун чарбачылыктары болсо быйыл 4 миң тонна эт экспорттойт. Бул өткөн жыл менен салыштырганда 3 эсеге көп. Аймакта жыл сайын 350-360 миң тонна эт өндүрүлөт.

Ирандык керектөөчүлөр казакстандык өнүмдөрүн баалоого жетишкен. Акыркы жарым жылда өлкө Тегеранга бир нече партия уй этин жөнөттү. Бул 2016-жылы эки тарап кол койгон айыл чарба тармагы боюнча шериктештик тууралуу орток меморандумдун натыйжасы. Казакстандан ташыла турган этти кабыл алуу жана иштетүү менен 4 тегерандык эт комбинаты алектенет. Алардын айтымында, казак өлкөсүнүн өнүмдөрү адал стандарттарына жооп берет жана курамында гендик модификацияланган кошмосу жок.

АЛИ ШАФАХ, ЭТ ИМПОРТТООЧУ:

- Казакстандан биринчи жолу уй этин алып келгенибизде эле, бул өлкө ишенимдүү шериктеш болорун дароо билдик. Себеби, өнүм бардык стандарттарга ылайык келет. Экономикалык жактан да пайдалуу. Товарды аба унаасы аркылуу жеткиребиз. Ал эттин сапатын сактап, убакытты да үнөмдөйт. Бир каттамда 70 тоннага жакын этти кабыл алабыз.

Алдыдагы убакытта Иран менен Казакстан орток товар жүгүртүүнү 3 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүүнү мерчемдеп жатат. Анын басымдуу бөлүгү Тегеранга жаңы эт менен ири кара малды импорттоону түзөт. Бүгүнкү күндө уй жана кой эттерин ташууга уруксат берген керектүү ветеринардык документтер  даярдалып жатат.

МОХАММАД АНСАРИ ТАРГИ, ИШКЕР:

- Казакстандан эт ташуу Ирандын ички рыногуна түрткү берди. Себеби, ирандык эт кымбат. Аны каалаган жашоочу сатып ала албайт. Ал эми казакстандык өнүмдөр аркылуу керектөөчү тандоого ээ болот. Атаандаштык пайда болот.

Алдыдагы эки айда Тегеранга дагы ата мекендик эт өнүмдөрү жеткирилиши керек. Ошондо орто эсеп менен Иран жыл башынан бери 500 тонна казакстандык этти пайдаланган. Жалпы Казакстан 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча дүйнөнүн 11 өлкөсүнө 33 миң тонна эт экспорттоду.

Фото: kapital.kz