Евразиялык интеграциянын оң жыйынтыгы

5 жыл мурун түзүлгөн Евразиялык экономикалык биримдик мүчө-мамлекеттерине эмне берди? Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жалпы бир багытка түштү. Үчүнчү өлкөлөрдүн базарында товарларды экспорттоонун көлөмү көбөйдү. Бул тууралуу аткарылган иштер жана анын натыйжаларына талдоо жүргүзгөн серепчилер билдиришүүдө.

АСКАР КИШКЕМБАЕВ, ЕЭК ЭКОНОМИКА ЖАНА КАРЖЫ САЯСАТЫ МИНИСТРИ КАТЧЫЛЫГЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ:

- Биримдиктин ичинде, интеграциялык байланыштардын курамында туруу оңой. Башка жол жок жана Нурсултан Абишевич Назарбаевдин 25 жыл мурун койгон маселеси азыркы жашоодо ишке ашып жатат.

Евразиялык интеграциялык биримдиктин негизги багыттарынын бири бул өнөр жай кооперацияларын жаңы деңгээлге чыгаруу болуп саналат. Бул үчүн Евразиялык желе долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Бул санариптик платформа биримдиктин аймагында компанияга өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн жана өнүмүн сатууда жаңы кардарларды табууга шарт түзөт.

ДМИТРИЙ ЖУРАВЛЕВ, АЙМАКТЫК МАСЕЛЕЛЕР ИНСТИТУТУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Бул өз ара кызматташуу өндүрүштүн мүмкүнчүлүгүн сактоого жана өнүктүрүүгө жардам берет. Бүгүнкү күндө катуу атаандаштык дал ушул өндүрүштө. Орусия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүдөбүз. Ансыз өз алдынча экономика  жана саясат жүргүзүү мүмкүн эмес.

НИКИТА МЕНДКОВИЧ, ЭЛ АРАЛЫК ИШТЕР БОЮНЧА ОРУСИЯ КЕҢЕШИНИН АДИСИ:

- ЕАЭБ үчүнчү өлкөлөр үчүн чоң кызыгууну жаратууда. Азыркы учурда Вьетнам менен Иран жана Куба менен Кытай келишимдерди караштырууда. Дагы 10 өлкө арыз берген, анын ичинде Египет жана Индия бар. Бардык бизнес эң жогорку базарга чыгууну каалайт. 184 млн калк - бул биздин жамааттык базар.

Бүгүнкү күндө 50дөн ашык өлкө жана эл аралык уюм Евразиялык экономикалык биримдиги менен мамиле курууга кызыктар. Бул ЕАЭБдин эл аралык аренада аброю өсүп жаткандыгынан кабар берет.

Фото: belta.by