Зеренди эс алуу аймагы

Туристтер тартыла турган жерлердин бири Акмоло облусундагы Зеренди эс алуу аймагы.

Бул жерди өнүктүрүүнүн жол картасы иштелип чыкты. Долбоордун жалпы наркы 28 млрд теңге.

Бурабай аты дүйнөгө белгилүү болбосо да, Зеренди жаратылышы кооз, эс алууга ылайыктуу, жанында көлү бар кичинекей гана аймак болуп саналат.

Азыр бул жерде 30 чакты туристтик жай бар. Алардын саны жыл сайын көбөйүп келе жатат.

Ишкер Акмарал Омарова жай мезгилине кызуу даярданууда. Коноктордун көңүлүн көтөрүү үчүн экологиялык жактан таза үйлөр салынган.

АКМАРАЛ ОМАРОВА, ЖЕКЕ ИШКЕР:

- Биздин бир гана максат-милдетибиз туристтерге өзгөчө эс алуусуна шарттарды түзүп берүү. Анткени бул өтө маанилүү. Бул үчүн колдон келишинче аракет кылабыз. Алар бир гана ырахаттанып кетсе болду. Ал эми мамлекет тарабынан тиешелүү түрдө инфракурулуш жасалса дейт элек. Ошондо Зеренди эс алуу аймагына мындан да көп эс алуучу келмек. Ошондой эле келем деп жүргөндөргө жеңил болмок.

Жаңы жол картаны ишке ашырууда эң алгач инфракурулуш салынат. Зерендиден ары Түндүк Казакстан облусунун Имантау жана Айыртау эс алуу жерлерине карай жол курулат. 

МАРАТ ИГАЛИ, ОБЛУС АКИМИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- “Айыл – эл бешиги” программасынын алкагында Зерендиге республикалык казынадан 1 млрд 300 млн бөлүндү. Бул каражат Зерендидеги ички жолдордун курулушуна жана инфраструктураны өнүктүрүүгө жумшалат. Эгер жол болсо, Орусиядан келе турган туристтердин саны артат.

Жаңы долбоордун ичинде жол салуу гана эмес, туристтерди кызыктыра турган түрдүү программалар камтылган.

КҮЛИЯ БЕКСУЛТАНОВА, ЗЕРЕНДИ РАЙОНДУК ИШКЕРЛЕР БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Биз туристтик багыттарды иштеп чыктык. Мисалы, саякатчылар Исаков айылдык округуна караштуу Аулие булакка бара алышат. Үлгүлүү айылынын жанындагы шаркыратма да келүүчүлөрдү кызыктарбай койбойт. Бул туристтер Зерендинин өзүнө гана келип кетпей, андагы бардык кооздукту жана ыйык жерлерди кыдырып көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Жергиликтүү туристтик жайлардын бардыгы Зерен көлүн бойлой жайгашкан. Былтыр бул жерге 300 миңге жакын турист келсе, быйыл бир кыйла көп келери күтүлүүдө.

Фото: the-steppe.com