Евразиялык экономикалык биримдигине 5 жыл толду

Быйыл Евразиялык экономикалык биримдиктин түзүлүшү тууралуу келишимге кол коюлганына 5 жыл жана евразиялык интеграция демилгесине 25 жыл толду. Ушул убакытта биримдик институционалдык жактан толук калыптанды. Бүгүнкү күндө ал бирдиктүү экономикалык мейкиндиги, орток бажылык аймагы, улуттук деңгээлде макроэкономикалык, каржылык жана агрардык саясаты бар жигердүү жана абройлуу уюмга айланды. Евразиялык экономикалык комиссия тобунун төрагасы - Тигран Саркисяндын айтымында, биримдик эл аралык деңгээлде жогорку абройго ээ болду.

ТИГРАН САРКИСЯН, ЕЭК ТОБУНУН ТӨРАГАСЫ :

- Бизге 50дөн ашуун өлкө жана эл аралык уюм институционалдык байланыш орнотууга өз кызыкчылыгын билдирип кайрылды. Бул эркин соода аймагы, кызматташтык тууралуу меморандумдар, биргелешкен иш-чараларды уюштурууга тиешелүү эки жактуу келишимдер. Бул бизди эл аралык аренада көпчүлүктүн моюндап, колдоорунун белгиси. Евразиялык экономикалык биримдик мыкты улуттук жана укуктук институту бар эл аралык экономикалык уюм катары таанылды.

Азыркы тапта ЕАЭБ алдында интеграцияны тереңдеттүү иши турат. Саркисяндын айтымында, келечекте биримдиктин чек арасын кеңейтип, курамына жаңы өлкөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү бар. Келечектүү өнөктөш катары Кытай, Иран, Египет, Индия, Израиль, Сингапур жана Сербия мамлекеттери аныкталды.

Фото: newsarmenia.am