Дүйнөлүк көргөзмөдө Казакстандын балы чет элдиктердин кызыгуусун жаратты

Казакстандын балчылары продукцияларын Лондондогу эл аралык бал көргөзмөсүнө койду. Мында алар ар түрдүү сорттогу 20 килограммдын тегерегинде өндүрүштөрүн алып келишкен. Катышуунун максаты Казакстанда өндүрүлгөн таттуу балды британдык керектөөчүлөргө көрсөтүү болуп саналат. Лондондогу жыл сайын уюштурулуучу иш-чаранын демилгечилери Словениянын Улуу Британиядагы элчилиги.

АНУАР АДИЛЬБЕКОВ, КАЗАКСТАНДЫН УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ ЭЛЧИЛИГИНИН ЭКОНОМИКА БЛОГУ БОЮНЧА КАТЧЫСЫ:

- Биздин өндүрүмдөр атаандаштыкка туруктуу. Бул көргөзмөдө байкалды.  Анткени келген эл сурап, кызыгып жатат. Демек кызыгуу бар. Айрыкча чычырканак аралашкан балга. Лондондо ушундай тренд болсо керек.

Ата мекендик өнүмдүн даамын таткысы келгендер көп болду. Жарманке коноктору прополиске негизделген оозго себилүүчү спрейлер менен косметикалык майларга, ошондой эле кызылгат, чычырганак кошулган казакстандык балга жогору баасын беришти.

ПИТЕР ИМРИШ, КӨРГӨЗМӨНҮН КОНОГУ:

- Мен биринчи жолу чычырканак аралашкан балды көрдүм жана өзгөчө даамды сездим. Бул башка өндүрүмгө кошулганы менен кызыктуу деп ойлойм.

Көргөзмөдө ар кайсы мамлекеттин катышуучулары өздөрүнүн продукцияларын тааныштырышты. Анын арасында бал, аарылар майы жана сүт менен балга негизделген дарылык каражаттар бар.

ТАДЕЛЬ РУПЕЛЬ, СЛОВЕНИЯНЫН УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Бүгүн көргөзмөгө 30 өлкөнүн өкүлдөрү катышып жатат. Алар Латын Америкасы, Африка, Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш, Жер Ортолук деңизи. Казакстан дагы катышууну кабыл алды.  Алардын колдоосуна мен кубанычтамын.

Белгилүү болгондой, Казакстандын балы британиялык компаниялардын дүкөндөрүндө ден соолукка керектелүүчү азык катары коюлуп баштады. Адистер анын даамын татып көрүп, керектүү анализ жүргүзүшөт. Эгер кызыкчылык туулса, Улуу Британияга бал импорттоо үчүн керектүү сертификаттарды алууга болот.

Фото: pachodo.org