Актөбө облусунда 9 жаңы өндүрүш ишке кошулат

Актөбө облусунда 9 жаңы өндүрүш ишке кошулат

«Актөбө» индустриалдык аймагынын географиялык жактан эффективдүү жайгашуусу көптөгөн ишкерлердин кызыгуусун ойготту. Бүгүнкү күндө анын аймагында 5 ири ишкана өз ишин алып барат. 200 гектардын 80 пайызы инвесторлорго бөлүнүп берилди. Ишкерлер бир гектар үчүн 120 миллион теңге төлөйт. Жыл аягына чейин бул жерде 9 жаңы өндүрүш ишке кошулат. Аны менен катар, жалпы баасы 68 миллиард теңгени түзө турган 11  инновациялык долбоор даярдык үстүндө.

ТӨРЕХАН ТӨРЕБЕК УУЛУ, «АКТӨБЕ» КИК МЕНЕДЖЕРИ:

- 2019-жылга келе турган болсок, мерчем боюнча жалпы баасы 23,7 миллиард теңгени түзгөн 9 долбоорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Индустриалдык аймактагы жалпы 26 долбоордун баасы 96,6 миллиард теңгени түзөт.

Алдыдагы убакытта батыш аймакта альтернативасы жок карапа тактайчаларын чыгара турган завод курулушу аягына чыгуусу керек. Жаңы ишкананын инвестициялык наркы 9 миллиард теңгеден ашат. Өндүрүш жайы өнүмдүн басымдуу бөлүгүн коңшу мамлекеттерге жөнөтөт.

ВИТАЛИЙ НАЗАРЕНКО, ЗАВОДДУН ӨКҮЛҮ:

- Кубаттуулугу боюнча батыш аймакта бул заводго тең келе турган өндүрүш жок. Ошондуктан курулушту тез арада аяктоону көздөп жатабыз. Сапаты да жогору. Ошондуктан Орусия рыногунда суроо-талапка ээ болот деп ишенебиз.

Бул – «А» классындагы жаңы унаа-логистикалык борбор. Кампалар менен жүк иштетүү системасы – бардыгы техниканын акыркы үлгүлөрү менен жабдылган. Борбордун жайгашуусу да эффективдүү.

АЛИМЖАН ЖАЛБАТОРОВ, «АКТӨБӨ» КИК КУРУЛУШ ЖАНА ЖЕР МАМИЛЕЛЕРИ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Бул логистикалык борбордун бардык керектүү инфраструктурасы бар – темир жол, «Батыш Европа – Батыш Кытай» шоссе жолу. Бул тиричилик техникасы Кызылордо облусун камтып, Батыш Казакстан боюнча бөлүштүрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул жерде эсепке алуу системасы – санариптик, ошондой эле жүктүн жайын алмаштыруу киргизилген.

Индустриалдык аймакта лактык-боё жана модалык шыбак жасоо боюнча завод сыяктуу келечектүү долбоорлор да ишке ашырылат. Долбоорду ишке ашырууга болгар ишкерлери кызыктар. Батыш Казакстан үчүн уникалдуу дагы бир өндүрүш жайы – жүк унааларынын шиналарын реставрациялоо заводу. Европада ушул сыяктуу эки өндүрүштүн ээси – немис инвестору аталган долбоорду ишке ашырууга 800 миллион теңге жумшайт.

Фото: 24.kz